Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Ымыркай сатуу. Балдарды кантип коргойбуз" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Иш-чара 20-сентябрь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Бишкектин милициясы сегиз гинекологду ымыркай саткан деп айыптап колго түшүргөн. Алардын төртөө учурда тергөө абагында жатат. Бул факт коомчулук арасында резонанс жаратып, кыргызстандыктарды ойго салды.

Тегерек столдун катышуучулары балдарды уурдоо, мыйзамсыз негизде багып алуу сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулашат.

Катышуучулар:

ТАЛАНТБЕК уулу Нуржан — Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы иштөө, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;

АЙДАРОВ Чыңгыз — Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы иштөө, социалдык сферадагы мыйзамдардын аткарылышын жана балдарды коргоону көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;

РЫСАЛИЕВ Зарылбек Кылычбекович — Жогорку Кенештин депутаты;

НУРБЕКОВ Азиз Абдылашимович — Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары;

ГАВРИЛОВА Елена Алексеевна — юрист;

БАРЫКТАБАСОВА Бермет Касымбековна — Саламаттык сактоо министрлигинин Далилдүү медицина бөлүмүнүн консультанты;

СУЛАЙМАНОВА Роза Дүйшөновна — "Балдарды коргоо борбору" мекемесинин координатору;

ШИПП Наталья Леонидовна — "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча коммерциялык эмес уюм" ассоциациясынын директору;

ПУТИЛИН Антон Алексеевич — "Жоопкерчиликтүү ата-энелердин мектеби" долбоорунун жетекчиси;

РЫСКУЛОВА Бүбүсара Рахматовна — "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).

Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.

Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.

Урматтуу журналисттер, маалымат жыйындын жүрүшүндө катышуучуларга талкууланып жаткан теманын алкагында гана суроо берүүнү өтүнөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0