Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Милициянын аброюн көтөрүү тууралуу тегерек стол

© Sputnik / Нурис АлымбаевМилиция кызматкерлери. Архив
Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 3-октябрда саат 11:30да Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"Милиция кызматкерлерин сыйлабастык — укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын күчөтүү керекпи?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 3-октябрда саат 11:30да Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргызстанда ички иштер органдарында эмгектенген кызматкерлердин укуктары көп бузулат. Мисалы, аларга баш ийбеген, кол көтөргөн, учурлар бар. Жарандар өзгөчө автоинспекторлорго орой мамиле жасашат.

Укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын көбөйтүп, алардын аброюн коомдо көтөрүү керекпи? Дал ушул тема тууралуу тегерек стол болот.

Катышуучулар:

Бишкек ШИИБ ЖКККБнын жетекчилиги;

РЫСАЛИЕВ Зарылбек Кылычбекович — мурдагы ички иштер министри, Жогорку Кеңештин депутаты;

БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович — Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси, ички кызматтын генерал-майору;

Башкы прокуратуранын өкүлү;

Рита Карасартова Рахмановна — "Коомдук анализ институту" коомдук бирикемесинин директору;

АБДУРАУФОВ Рустам Рафкатович — адвокат;

МАИ ардагерлери союзунун өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0