Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны кантип жоюу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 3-октябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"Саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны кантип жоюу керек — Саламаттык сактоо министрлиги жаңы долбоорду ишке киргизет" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 3-октябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Саламаттык сактоо министрлиги ар бир оорукананын алдында камкорчулар кеңешин түзүү сунушун кабыл алды. Бул кеңеш бюджеттин сарпталышын көзөмөлгө алат. Мындай аракет саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны азайтуу максатында жасалууда.

2019-жылга карата мындай кеңештер ар бир поликлиниканын алдында түзүлөт.

Саламаттык сактоо системасындагы коррупциялык схема жана аны менен күрөшүүнүн жолдорун айтып бере тургандар:

КОЙБАКОВА Эркингүл Жаныбековна — жаш хирург, Нарын облусундагы поликлиникадан иштен четтетилген;

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү;

СТРОКОВА Евгения Григорьевна —Жогорку Кеңештин депутаты;

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү;

ИБРАИМОВ Уран Мамакадырович — "Надежда на жизнь" коомдук бирикмесинин төрагасы;

ВИЧ илдети менен жашагандардын коомунун өкүлү;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0