Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Жакыр үй-бүлөлөргө жардам. Россиянын элчиси менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Кыргызстандагы долбоор жөнүндө" аттуу брифингге чакырабыз.
Иш-чара 9-октябрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Россия Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорун колдоо үчүн каражат бөлүп жатат.
Анын жардамы менен бүгүнкү күнү белгиленген айылдардагы үй-бүлөлөрдүн 82 пайызы "эл фермердик менен алектенет" аттуу долбоордун алкагында киреше таап жатат. Миңден ашык чакырым жерге суу куурлары салынды, 6 миллиондон ашык дарак отургузулуп, 555 көпүрө салынды.
Долбоордун таасирлүүлүгүн баалап, Россия 8 миллион долларлык жаңы грант бөлүп жатат.
Бул каражат кайсы багытка колдонулат? Долбоор боюнча кандай иштер жасалды?
Кыргызстанга берилип жаткан жардам тууралуу төмөнкү катышуучулар айтып берет:
КРУТЬКО Андрей Андреевич — Россия Федерациясынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси;
АНДРЕА Баньоли — БУУнун Дүйнөлүк тамак-аш программасынын Кыргызстандагы директору.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com жазыңыз.