Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын саны өсүп жатат

© AFP / Daniel MIHAILESCUЛечение кори в Бухаресте
Лечение кори в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 31-октябрь күнү саат 10.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстанда кызылча менен ооругандардын саны өсүп жатат" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Республика аймагында күндөн күнгө кызылча менен ооругандардын саны өсүп жатат. Бүгүнкү күндө илдетке кабылгандардын саны 500гө жетти. Көбүнчө ымыркайлар ооруп, кээ бирлериники өтүшүп кетип жатат.

Учурда мигранттардын балдары жана ата-энеси таштап кеткен 2 жаштан 5 жашка чейинки наристелер эмделүүдө. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан дагы 100 миң доза вакцина сатып алганы жатат.

Кызылча оорусу боюнча кененирээк Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ремпубликалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова айтып берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0