Награждение журналистов правительством КР

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери өкмөттүк сыйлык менен сыйланды

255
(жаңыланган 17:47 07.11.2018)
Sputnik ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар агенттик жана радио.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун шеф-продюсери Батырбек Мамыркулов менен редактор жана алып баруучу, маркум Исмаил Мамытов Маалымат жана басма сөз күнүнө карата өкмөттүк сыйлык менен сыйланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке сиңирген эмгеги үчүн Батырбек Мамыркуловду Ардак грамота менен сыйлады. Ал эми Исмаил Мамытов профессионалдык милдеттерин так аткарганы үчүн атасы Осмонбек Абылкасымовго атайын кол саат ыйгарылды. 

Отец редактора, ведущего Исмаила Мамытова посмертно награжден правительственными наградами в связи с празднованием Дня информации и печати КР
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Исмаил Мамытов профессионалдык милдеттерин так аткарганы үчүн атасы Осмонбек Абылкасымовго атайын кол саат ыйгарылды.

"Мен уулум менен сыймыктанам. Премьер-министрге сыйлыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчилиги менен жалпы жамаатына дагы ыраазымын. Бул жерге Исмаилдин ордуна келгеним үчүн ичим ачышып турат, бирок ал биздин жаныбызда экенине ишенем. Өлкөдө өз ишине берилип, элин сүйгөн уул-кыздар көп болсун", — деди Абылкасымов.

Ал эми Батырбек Мамыркулов эч качан сыйлыкка умтулбаганын белгиледи.

"Мен журналистика тармагында эмгектенгениме 20 жыл болду. Бирок эч качан сыйлык алайын деп умтулган эмесмин. Болгону жүрөгүмө жаккан иш менен алектендим. Мени менен иштешкен кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Алар жашоомдун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды", — деди Мамыркулов.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

255
Белгилер:
журналист, өкмөт, Sputnik Кыргызстан, Мухаммедкалый Абылгазиев, Исмаил Мамытов
Тема боюнча
Жаштыкка, ишке, сүйүүгө тойбой турган Исмаил. Эми сени ирмемдерден издейбиз
Пикирлер