Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

КМШдагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын ректорлору Бишкекке келет

© AFP / FREDERICK FLORINСтуденттер сабак учурунда. Архив
Студенттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 17-декабрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

"КМШдагы алдыңкы жогорку окуу жайлардын ректорлору Бишкекте мыкты студенттерди тандайт" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 17-декабрда саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Кыргыз улуттук консерваториясы 25 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарууда. Мындан улам Бишкекке Россиянын, Казакстандын жана Монголиянын алдыңкы окуу жайларынын жетекчилери келет. Алар Кыргызстандагы билим берүүнүн деңгээлин баалап, мыкты студенттерди билим алууга чакырат. Ректорлор, андан сырткары, студенттер менен жолугуп, кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба бөлүшөт.

Маалымат жыйындын катышуучулары:

Александр Сергеевич СОКОЛОВ — П.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын ректору;

Айман Кожабековна МУСАХОДЖАЕВА — Казак улуттук искусство университетинин ректору;

Дина Константиновна КИРНАРСКАЯ — Гнесиндер атындагы Россиянын музыка академиясынын проректору;

БЕГАЛИЕВ Муратбек Акимович — Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0