Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Бишкек мэриясы калаадагы транспорт көйгөйүн кантип чечет?" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Иш-чара 18-декабрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкек мэриясы калаадагы транспорт көйгөйүн кантип чечет?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 18-декабрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Тегерек столдун катышуучулары төмөнкү маселелерди талкууга алышат:

— маршруттук таксилерди шаардын тышына чыгаруу мүмкүнчүлүгү;

— шаардык метробустар менен мектеп автобустарын ишке киргизүү;

— электрондук билет системасын киргизүү;

— көп киши бата турган троллейбустар менен автобустарды сатып алуу.

Катышуучулар:

Шайырбек Исраилович БОПОНОВ — Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси;

Максим Валерьевич СИТНИКОВ — вице-мэр;

Хасанбек Исраилович АЛИМБЕКОВ — Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси;

Кубан Калыгулович ЖУСУПОВ — Бишкек мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы;

Артур Туратбекович ӨМҮРЗАКОВ — Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси:

Григорий Христофорович НИКОЛАИДИ — "Альянс бус" ташуучулар ассоциациясынын төрагасы;

Нурдин Анарбекович ЕСЕНБАЕВ — "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын өкүлү;

Нурлан Кеңешевич КОЙЧУБАКОВ — "Бишкек жүргүнчү автотранспорт" ишканасынын директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0