Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө аткаминерлер тоскоолдук кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЛыжа базасындагы туристтер. Архив
Лыжа базасындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 25-декабрда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө коррупциялашкан аткаминерлер менен уюшкан кылмыштуу топтор тоскоолдук кылууда" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 25-декабрда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Кыргызстанда 2018-жылы туристтик зонадагы коопсуздукту камсыздоочу милициянын атайын бөлүмү ачылган. Чет өлкөлүк туристтерди тартуу үчүн жайында Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары дагы болуп өттү.

Анткен менен кышкы эс алууну уюштурган тараптар профилдик мамлекеттик органдар республикадагы туризмдин өнүгүшүнө бут тосуп жатканын маалымдашкан.

Бийлик туристтик секторго болгон басым менен кантип күрөшүп жатат? Тоо лыжа базалары, мейманканалар жана курорттук зоналар кандай шартта иштөөдө? Шарттарды кантип жакшыртса болот? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары талкууга алат:

Нурлан Жумалиевич УМТУЛОВ — Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги;

Нур Рысканович САТЫБАЛДИЕВ — ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Нурлан Манасбекович АСАНОВ — Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери;

Борборбек Жороевич ТАШМАТОВ — туристтик милициянын өкүлү;

Темирбек Барыктабасович КУРМАНБЕКОВ — өкмөттүн Чүйдөгү өкүлчүлүгүнүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн өкүлү;

Башкы прокуратуранын өкүлү;

Максат ДАМИР уулу — Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Талант Шаршенбаевич ТОКТАЛИЕВ — Кыргызстандын Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы;

Беккул Аликбекович ЖЕКШЕНКУЛОВ — туристтик бизнестин өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси 46, (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0