Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда" аттуу тегерек стол

© Sputnik / Александр Подгорчук / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегерек столдун катышуучулары Айыл чарба министрлигинин ишин жана 2019-жылга карата планын талкуулашат.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Айыл чарба министрлигинин чабалдыгынан дыйкандар жакырланууда. 2019-жылы эмне эгүү керек?" аталышындагы тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 14-февралда саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарга аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында айыл чарбаны жакшыртууну тапшырды. Өлкө башчы бул экономиканы өнүктүрүүнүн негизги булагы болушу керектигин белгиледи.

Былтыр жазда Айыл чарба министрлиги дыйкандарга картошка эгүүнү сунуштаган. Бирок күздө картошкага болгон баа кескин төмөндөп (килограммы 5 сомдон) өзүн актаган эмес. Өз кезегинде министрлик баа жогорулай турганын кабарлаган. Бирок иш жүзүндө андай болбой уламдан улам арзандап жатат, сакталган картошкалар чирип дыйкандардын эмгеги күйдү.

Тегерек столдун катышуучулары Айыл чарба министрлигинин ишин жана 2019-жылга карата планын талкуулашат. Быйыл мол түшүм алуу үчүн эмне эгүү керек, "жашыл экономика" маселеси, лабораторияларды ачуу, ЕАЭБдин талабына ылайык айыл чарба продукцияларын аныктоо маселелери каралат.

Катышуучулар:

  • Жогорку Кеңештин депутаттары;
  • Жигитали Жумалиевич ЖУМАЛИЕВ — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Анаркүл Токтонбековна БЕККУЛИЕВА — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
  • Зарылбек Жийкешович АБДЫЛДАЕВ — Мамлекеттик Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы;
  • Мирбек Темирбекович КАЛМЫРЗАЕВ — Экономика министрлигинин аймактарды өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы;
  • Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү;
  • Жылдызбек Рыспекович БЕККЕЛЬДИЕВ — Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Талант Көкүлбаевич КОЖОЕВ — Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын биоресурсту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
  • Тынчтыкбек Карагулович КАРАГУЛОВ — Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын экологиялык коопсуздук башкармалыгынын инспектору;

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0