Аутизм менен ооруган киши. Архивдик сүрөт

"Кыргызстандагы аутист балдарга кантип жардам берсе болот?" аттуу тегерек стол

21
(жаңыланган 09:35 02.04.2019)
Иш-чара 2-апрель күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Үй-бүлөгө түшкөн сыноо. Кыргызстандагы аутист балдарга кантип жардам берсе болот?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө республикада 20 миңден ашык аутист бала бар. Алар башкалардан өзгөчө болгондуктан билим берүү жаатында көйгөй жаралып, коомчулук кабыл албай келет. Учурда Бишкекте гана мектепке чейинки курактагы аутист балдар үчүн реабилитациялык борбор бар.

Мамлекет өзгөчө балдарга кандай жардам көрсөтөт? Балдар менен алардын ата-энелери кандай көйгөйлөргө кабылууда? Эгер сиздин балаңыз да ушул дарт менен жабыркаса эмне кылуу керек? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары 2-апрелде Аутизм көйгөйүн жайылтуунун дүйнөлүк күнүнө карата талкуулашат.

Иш-чаранын катышуучулары "Аутизмдин механикасы" аттуу тиркемени колдонуп көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Анын жардамы менен адам виртуалдык жол менен дүйнөнү аутисттин көзү менен көрө алат.

Катышуучулар:

  • Нурмухамед Жамалович БАБАДЖАНОВ — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар неврологу, медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттык сактоо министрлигинин педиатрия боюнча алдыңкы адиси;
  • Кыял Абдимиталовна КЕНЖЕМАТОВА — Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департментинин укуктук камсыздоо, лицензиялык көзөмөл жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
  • Элмира Аскаровна ИСАЕВА — нейропсихолог;
  • Салтанат Темирбековна ӨМҮРКАНОВА — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын адиси;
  • Елена Владимировна БАТРАКОВА — Республикалык психикалык саламаттык борборунун кызматкери;
  • Чинара Аманбековна ЖУМАГУЛОВА — ЮНИСЕФтин эрте өнүктүрүү жана мектепке чейинки тарбиялоо программасынын координатору;
  • Чолпон Асаналиевна МАМБЕТАИПОВА — Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Майыптыгы барларга социалдык кызматтарды көрсөтүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу;
  • Жылдыз Сейитбековна САДЫКОВА — "Рука в руке" коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Даниярова Анара Орозбековна — "Аутизм победим" коомдук фондусунун түптөөчүсү жана жетекчиси.
21
Белгилер:
тегерек стол, балдар, аутизм, Кыргызстан