Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Өлбөс полкко чыккандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетет" аттуу маалымат жыйын

Жазылуу
Иш-чара 4-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Быйыл Бишкектеги Өлбөс полкко чыккандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетет" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Жүрүштүн уюштуруучулары быйыл канча адам чогуларын пландап жатышат, бул акция башкалардан эмнеси менен айрымаланат, Бишкектин бийлиги бул жаатта кандай иштерди аткарууда деген суроолордун бардыгына жооп берет:

  • Зульфира Шарафовна ХАЙБУЛЛИНА — "Өлбөс полк" коомдук кыймылынын Бишкектеги координатору;
  • Татьяна Анатольевна КУЗНЕЦОВА — Бишкектин вице-мэри;
  • Жаныбек Болотбекович АБИРОВ — Бишкек шаардык кеңештин төрагасы;
  • Русланбек Шергазиевич ЖАКЫШЕВ — Бишкек шаардык кеңеш төрагасынын орун басары.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0