Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Кыргызстандын хоккей федерациясы дүйнө чемпионатына тандоо турунда чыккан чыр тууралуу" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.
Кыргызстандын курама командасы алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катыша алмак. Себеби команда өз тайпасында лидер болчу. Бирок БАЭнин арызы менен курама команданын тандоо турундагы бардык жеңиши жокко чыгарылды. Буга кыргыз командасындагы бир оюнчунун дисквалификацияланганы себеп болгон.
Маалымат жыйындын катышуучулары мындан ары кандай кадамдарга барышарын айтып беришет.
Катышуучулар:
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо баланы 1-класска электрондук каттоо маалында жаралган көйгөйлөр боюнча суроолорго жооп берди.
Анда кабарчы министрдин орун басарына 15-февралда системадагы кемчиликтер тууралуу айтып, эмне себептен система иштей баштаган күнү эле айрым мектептерде орун толуп калганын сураган. Ошондой эле муну ата-энелер коррупция менен байланыштырганын кошумчалаган.
Жусупбекова мындай көйгөй менен бир нече ата-эне кайрылганын айтып, бирок ал коррупцияга эч тиешеси жок экенин белгиледи.
"Бул техникалык жактан кеткен ката. Ата-энелер платформага балдарын мектепке каттоо үчүн киргенде айрым мектептер системадан чыкпай калган учурлар кездешкен. Аны ошол эле күнү оңдошкон. Азыр адистер келип чыккан кемчиликти анализдеп жатышат", — деди ал.
Министрдин орун басары баланы мектепке киргизүү боюнча ата-энелердин арыздарын карап чыгуу үчүн ар бир райондо атайын комиссиялар уюштурулганын кошумчалады.
Анын айтымында, комиссия жашаган жери боюнча юридикалык себептерден улам мектепке балдарын киргизе албай калгандардын маселесин чечип берүүгө аракет кылат.Эске салсак, электрондук каттоо долбоору өлкөнүн Бишкек, Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында эки жылдан бери иштеп, быйыл Каракол, Нарын, Талас, Баткен, Кара-Суу шаарларында иштеп жатат. Баланы 1-класска электрондук каттоо 15-августта аяктайт.
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Былтыркы жылга салыштырмалуу Кыргызстанда айыл чарба техникасы жетиштүү, 2021-жылы техника дефицити жаралбайт. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Жаңы форматтагы жазгы талаа иштери. Айыл чарба министрлигинен эмнени күтүүгө болот" аттуу брифингге катышты.
Керималиевдин айтымына караганда, учурда айыл чарба техникасы менен жабдыктар 85 пайызга даяр болуп калды.
"Дефицит жаралбайт деген ойдомун. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл техниканын саны жетиштүү. Бүгүнкү күндө айыл чарба техникасынын саны жыл сайын өсүп жатат. Себеби фермерлер лизинг аркылуу алып жатышат. 2020-жылы фермерлер 343 даана техника сатып алышты", — деди министрдин орун басары.
Ал ошондой эле быйыл фермерлерди колдоо үчүн бөлүнө турган каражаттын көлөмү өсөрүн билдирди.
"Жакында эле лизинг боюнча токтом долбоору чыкты. Финансылык колдоо дагы көбөйөт деген ойдомун. Лизингдин көлөмү айыл чарба техникасы үчүн гана эмес тамчылатып сугаруу жана кайра иштетүүгө багытталган жабдыктарды алуу үчүн дагы жогорулайт", — деди Керималиев.Белгилей кетсек, премьер-министр кызматына талапкер Улукбек Марипов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмү өзгөртүлөрүн айткан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болот.