Иш үстүндөгү журналисттер. Архив

SputnikPro: "Жаңылык менен жаңылуунун ортосу бир кадам. Маалымат кантип жазылат"

62
(жаңыланган 11:05 12.04.2019)
SputnikPro долбоорунун алкагында уюштурулган иш-чара 12-апрель күнү саат 13.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Анда Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Нургүл Максутова жаңылык жазуу маалында көп кетчү каталар тууралуу айтып берет. Ошондой эле журналист мамлекеттик органдар берген маалымат менен иштөө сырлары тууралуу бөлүшөт.

62
Белгилер:
жаңылыктар, SputnikPro, Нургүл Максутова
Бульдозер жер көчкү жүргөн жерде. Архив

Сел, жер көчкү... Өлкөдө 3000ден ашык үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

49
(жаңыланган 11:35 22.06.2021)
ӨКМ өкүлү быйыл сел менен жер көчкүнүн түшө турчу убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстанда үч миңден ашык үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштер башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып өлкөдө сел жана жер көчкү жүрө турчу 4 миңден ашык кооптуу аймак бар экенин белгиледи.

Начальник Управления гражданской защиты и аварийно-спасательных работ МЧС Ырыспек Жолдошбаев на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучу иштери башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
"Ал жактарда 3 миңден ашуун үй-бүлө жашайт, аларга жыл сайын башка жакка көчкүлө деп айтып келебиз", — деди Жолдошбаев.

Адис быйыл сел менен жер көчкүнүн убактысы өтүп баратканын, суу аз болгонуна байланыштуу тобокелдиктер да көп болбогонун кошумчалады.

49
Белгилер:
аймак, Жер көчкү, сел, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Лейлек районунун Арка айылындагы талкаланган үйлөр. Архив

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды

537
(жаңыланган 20:00 21.06.2021)
11-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Лейлек районунун тургундары 1 миллиард 457 миллион 837 миң сом чыгымга учураганын билдирген. Бирок ал так эмес сумма болуп чыкты.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учураган. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып чек арадагы жаңжалда 220 объект, 138 үй талкаланганын кабарлады.

Начальник Управления гражданской защиты и аварийно-спасательных работ МЧС Ырыспек Жолдошбаев на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
"Материалдык чыгым 1 миллиард 305 миллион сомду түздү", — деди подполковник.

Эске салсак, 11-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Лейлек районунун тургундары 1 миллиард 457 миллион 837 миң сом чыгымга учураганын билдирген.

Бирок ӨКМдин өкүлү анын берген маалыматы так эмес экенин белгиледи.

"Биздин маалымат так. Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон акт дагы бар. 1 миллиард 305 миллион сом — бул акыркы жыйынтык", — деди ал.

537
Белгилер:
чыгым, Жаңжал, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Тажикстан тарап аткылаган Максаттагы мектепти калыбына келтирип жатышат. Сүрөт
Лампа. Архив

Эртең Бишкектин 39 жеринде электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

0
Түндүк электр" ишканасынын бригадалары трансформаторлордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Жума күнү, 25-июнда, Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Бригадалар трансформатордун подстанцияларын оңдоп, өткөргүчтөрдү орнотуп, дагы башка иштерди жасайт.

Электр энергиясы убактылуу өчүрүлө турган аймактар:

  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ала-Тоо, Арча-Бешик (Чортеков, Бердибаев, Садыбакасов, Ойсул-Ата көчөлөрү), Ак-Ордо (Ара-Көл, Улуу-Тоо, Улук-Тоо, Макмал, Бештектир, Терек-Сай көчөлөрү), Орок (Кочкор-Ата көчөсү) жана Ак-Босого (Архитектор, Түлөбердиев, Саадаев, Ынтымак, Манас жана Чүй (№17, 21 үйлөр) көчөлөрү) конуштарында болбойт;
  • 9:30-12:00 — Тунгуч кичи районундагы №1, 3, 12, 4, 17,17/2 үйлөрдө;
  • 9:30-18:00 — Сельсовет, Жамгырчинов, Месарош, Ильменская, Серпухов, Волков, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Манас проспектисинде өчүрүлөт. Орто-Сай айылындагы Рысмендиев, Кумар жана Иманалиев көчөлөрүнүн жашоочулары электр кубатысыз калат;
  • 9:30-19:00 — Кийизбаева, Каменная, Токтоналиев, Ахунбаев, Орозбеков, Васильев, Элебесов көчөлөрүнүн тилкелеринде жана Ботаника кууш көчөсүндө;
  • 10:00-15:00 — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Санжыра көчөлөрү);
  • 11:00-14:00 — №88 мектепте өчүрүлөт.
0
Белгилер:
эскертүү, өчүрүү, электр кубаты, Бишкек
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Эртең-бүрсүгүнү айрым аймактарда сел жүрөт