Медицинанын белгиси. Архивдик сүрөт

"Кыргызстандагы бейтаптардын коопсуздугу" аттуу тегерек стол

32
(жаңыланган 16:23 16.04.2019)
Иш-чара 17-апрелде саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Жеке же мамлекеттик медицина. Кыргызстандагы бейтаптардын коопсуздугу жөнүндө" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө лицензиясы жок иштеп жаткан дарыгерлердин, клиникалардын жана дарыканалардын саны өсүп жатканын айтышууда.

Көптөгөн мыйзам бузуулар ортого чыгууда. Өз ишин так билбеген персонал, мекеме жайгашкан жердеги бөлмөлөр, аппараттар, материалдык-техникалык ресурстар талапка жооп бербейт.

Клиникалык, санитардык-гигиеналык, инфекциялык абал адамдын ден соолугуна зыян келтирет. Акыркы эки жылда жеке менчик медициналык жайларда каза болгондордун саны өстү. Атап айтканда 9 киши өлүп, ВИЧ/СПИД, С, Е, В гепатиттери жана башка жугуштуу оорулар катталды.

Ошол эле учурда мамлекеттик клиникаларга да арыздангандардын саны көп. Ушул абалды тегерек столдун катышуучулары талкуулашат.

  • Бактыбек Сагындыкович ТУРУСБЕКОВ —Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Альфия Эльдаровна САМИГУЛИНА — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Нурхан Сатволдыевна ЖУМАБАЕВА — Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы;
  • Бурул Өмүрбековна АРЗЫКУЛОВА — Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Бермет Касымбековна БАРЫКТАБАСОВА — Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина жана клиникалык стандарттар боюнча эксперти;
  • Жеңиш Аманбаевич КИМСАНОВ — жеке клиниканын коммерциялык директору;
  • Дамир Асылбекович ОСМОНОВ — кардиохирургиялык клиниканын башчысы;
  • Александр Викторович ТИМУХИН — жеке клиниканын башкы дарыгери.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

32
Белгилер:
маалымат жыйын, медицина
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирус менен мындан ары кантип күрөшүү керек. Брифинг

63
(жаңыланган 18:05 11.08.2020)
Суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге чакырабыз.

Иш-чара эртең, 12-августта, саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook тармагындагы баракчасында өтөт.

Кыргызстандагы коронавирус учурда кайсы этапта? Дарыгерлер эл аралык альянста иштеп кандай ийгиликке жетишти? COVID-19дун болот деп жаткан экинчи толкунуна кантип даярдануу керек? Өкмөт кооптуулукка ыкчам реакция кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо Telegram каналына (0553) 28-27-97 номерине жибериңиздер. Модератор аны түз эфирде берет.

63
Белгилер:
өкмөт, коронавирус, дарыгерлер, брифинг
SputnikPro долбоорунун логотиби

SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды

21
(жаңыланган 14:16 31.07.2020)
SputnikPro — ар тармактын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. SputnikPro билим берүү долбоору коомчулук менен байланыш чөйрөсүндөгү эң ири делген IPRA Golden World Awards for Excellence in PR 2020 сыйлыгына татыды.

Маалыматка ылайык, долбоор эл аралык калыстар тобу тарабынан "Өлкө, аймак жана шаар" номинациясында мыкты деп табылган.

"Биздин ишибизге ушунчалык жогору баа берилгенине ыраазыбыз. Эки жыл мурда иштей баштаган SputnikPro элге абдан керектүү жана актуалдуу долбоор болуп калды. Биздин агенттиктин долбоору ишин жаңы баштагандарга журналисттик кесиптин аспектилери жөнүндө көп нерсени билүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет", — деген "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

IPRA Golden World Awards (GWA) сыйлыгы коомчулук менен байланыш боюнча илгертеден бери иштеп келген эл аралык бирикме тарабынан ыйгарылат. Ассоциация 1955-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча байланыш стандарттарын калыптандырууга салымын кошуп, БУУ тарабынан таанылган. PR чөйрөсүндөгү эң беделдүү бирикме жыл сайын креативдүү жана уникалдуу долбоорлорду тандап келет.

21
Белгилер:
сыйлык, долбоорлор, SputnikPro, "Россия Сегодня" ЭМА, Россия
Балчылар бал чогултууда. Архивдик сүрөт

Кара-Кулжа токой чарбасына 7 млн сомдук балчылыкка керектүү жабдуу берилди

0
(жаңыланган 10:25 15.08.2020)
Райондо балчылыкты өнүктүрүү үчүн атайын он сотых жер тилкеси тосулду. Аймактын бул тармакты колго алууга толук шарты бар.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун токой чарбасына 7 миллион 337 миң 760 сомго балчылык жабдуу жана инвентарларын бергендигин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ага ылайык, көрсөтүлгөн жардам Дүйнөлүк банктын жана Глобалдык экологиялык фонддун каржылоосу менен "КРдин токой экосистемасын интегралдык башкаруу" долбоорунун алкагында ишке ашкан.

Кыргыз экономикасынын артка кеткен тармактары. Тизме

"Берилген жабдык жана инвентарларды өлкөнүн алыскы тоолуу аймактарында балчылыкты өстүрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырууда жана токой чарбасына кошумча каражат булагын табууда натыйжалуу пайдаланууга болот. Алты кассеталык бал тартуучу автомат аппараттан үч даана, бал тартуучу механикалык аппараттан жети даана, беш миң бал алкагы, беш миң даана бал мому, бал аарычынын кийиминин он топтому жана башка жабдыктар алып келинди. Мындан тышкары, аталган долбоордун шарты менен бал челектерди жайгаштыруу үчүн он сотых жер тилкеси тосулду", — деп жазылат билдирүүдө.

Анда айтылгандай, Кара-Кулжа районунун токой чарбасынын аймагы 74 миң 285 гектар, анын ичинен токой аянты 8 миң 215 гектарды ээлейт. Токой чарбасынын аймагында дары чөптөрдүн түрү өсөт. Райондун балчылыкты өнүктүрүүгө толук шарты бар.

0
Белгилер:
жабдык, Кара-Кулжа, токой, бал
Тема боюнча
Кадыр: өлкөдө бал аарыларынын тоют базасы кыскарып жатат