Операция жасап жаткан хирург. Архив

"Кыргызстанда көмүскө трансплантология пайда болушу мүмкүнбү?" аттуу тегерек стол

62
(жаңыланган 18:21 18.04.2019)
Иш-чара 19-апрель күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстанда көмүскө трансплантология пайда болушу мүмкүнбү? ЖК депутаттарынын демилгеси жөнүндө" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга уруксат берчү мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет жасоодо. 2016-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев документти толуктоо үчүн артка жиберген. Ал учурда коомчулук адам органдарынын көмүскө рыногу пайда болот деп чочулашкан.

Депутаттар бул маселени кайрадан көтөрүшүнө эмне себеп болду жана мамлекет мындай мыйзамды иштете алабы? Органдарды алмаштыра турган клиникалардын ишмердүүлүгү кандайча көзөмөлдөнөт? "Көмүскө трансплантология" менен кантип күрөшүү керек? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары талкуулайт:

  • Альфия Эльдаровна САМИГУЛЛИНА — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Нургүл Мажитовна АДНАЕВА — өкмөттүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси;
  • Бермет Касымбековна БАРЫКТАБАСОВА — Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина жана клиникалык стандарт боюнча адиси;
  • УЗАКБАЕВ Камчыбек Аскарбекович — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору;
  • Нурлан Басытович ГАЛБАЕВ — Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын адиси;
  • Нургүл Эсеновна ЖАНУЗАКОВА — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Стратегия, анализ, медициналык кызматтардын сапаты башкармалыгынын жетекчиси;
  • Мирбек Турсунбекович БАЙЗАКОВ — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургу;
  • Уран Мамакадырович ИБРАИМОВ — "Надежда на жизнь" коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Айбар Турдубекович СУЛТАНГАЗИЕВ — "Партнерская сеть" ассоциациясынын директору;
  • Дамир Асылбекович ОСМОНОВ — кардиохирургиялык клиниканын башкы дарыгери.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

 

62
Белгилер:
тегерек стол, медицина, Бишкек
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирус менен мындан ары кантип күрөшүү керек. Брифинг

57
(жаңыланган 18:05 11.08.2020)
Суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге чакырабыз.

Иш-чара эртең, 12-августта, саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook тармагындагы баракчасында өтөт.

Кыргызстандагы коронавирус учурда кайсы этапта? Дарыгерлер эл аралык альянста иштеп кандай ийгиликке жетишти? COVID-19дун болот деп жаткан экинчи толкунуна кантип даярдануу керек? Өкмөт кооптуулукка ыкчам реакция кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо Telegram каналына (0553) 28-27-97 номерине жибериңиздер. Модератор аны түз эфирде берет.

57
Белгилер:
өкмөт, коронавирус, дарыгерлер, брифинг
SputnikPro долбоорунун логотиби

SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды

21
(жаңыланган 14:16 31.07.2020)
SputnikPro — ар тармактын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. SputnikPro билим берүү долбоору коомчулук менен байланыш чөйрөсүндөгү эң ири делген IPRA Golden World Awards for Excellence in PR 2020 сыйлыгына татыды.

Маалыматка ылайык, долбоор эл аралык калыстар тобу тарабынан "Өлкө, аймак жана шаар" номинациясында мыкты деп табылган.

"Биздин ишибизге ушунчалык жогору баа берилгенине ыраазыбыз. Эки жыл мурда иштей баштаган SputnikPro элге абдан керектүү жана актуалдуу долбоор болуп калды. Биздин агенттиктин долбоору ишин жаңы баштагандарга журналисттик кесиптин аспектилери жөнүндө көп нерсени билүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет", — деген "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

IPRA Golden World Awards (GWA) сыйлыгы коомчулук менен байланыш боюнча илгертеден бери иштеп келген эл аралык бирикме тарабынан ыйгарылат. Ассоциация 1955-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча байланыш стандарттарын калыптандырууга салымын кошуп, БУУ тарабынан таанылган. PR чөйрөсүндөгү эң беделдүү бирикме жыл сайын креативдүү жана уникалдуу долбоорлорду тандап келет.

21
Белгилер:
сыйлык, долбоорлор, SputnikPro, "Россия Сегодня" ЭМА, Россия
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт