Дарыгер. Архив

"Эмдөөдөн баш тартуу эмнеси менен коркунучтуу?" аттуу тегерек стол

25
(жаңыланган 09:33 30.04.2019)
Иш-чара 30-апрелде саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча 2019-жылы кызылча менен ооругандардын саны үч эсе өскөн. Адистер бул көрсөткүчтү эмдөөдөн баш тарткан кишинин саны менен байланыштырууда. Акыркы убакта Кыргызстанда дагы эмдөөнү жактаган жана ага каршы чыккандар ортосунда талаш-тартыштар ырбап келет. Аны менен катар балдарын эмдетпегендердин саны да өсүүдө.

Бул жаатта тийиштүү органдар кандай аракеттерди көрүп жатат? Эмдөөдөн баш тарткандарды эске алсак, өлкөдө кызылча менен ооругандардын абалы кандай? Мына ушул жана башка көйгөйлөрдү тегерек столго катышкандар талкуулайт.

  • Кубанычбек Марасулович МОҢОЛБАЕВ — Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эмдөө менен алдын алуучу оорулар маселеси боюнча улуттук кызматкери;
  • Аида Жекшенбаевна ИСМАИЛОВА — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Гүлбара Сатыгуловна ИШЕНАПЫСОВА — Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору;
  • Кадыр Курманбекович МАЛИКОВ — теолог, Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү;
  • Рима ИМАРОВА — ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы сатып алуулар боюнча адиси;
  • Мунир Намикович МАМЕДЗАДЕ — ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары;
  • Бактияр ТОКТОГАЗЫ уулу — Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси;
  • Асел Бейшенбековна ТУРДАЛИЕВА — Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин дары каражаттарын каттоо башкармалыгынын башкы адиси;
  • Бактыгүл Темирбековна ЖУМАКУЛОВА — мектептеги врач-педиатр, Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү;
  • Ольга Дмитриевна ПЛОТНИКОВА — Республикалык иммундук профилактика борборунун иммунолог-инфекционисти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

25
Белгилер:
эмдөө, медицина, дары, тегерек стол
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирус менен мындан ары кантип күрөшүү керек. Брифинг

57
(жаңыланган 18:05 11.08.2020)
Суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге чакырабыз.

Иш-чара эртең, 12-августта, саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook тармагындагы баракчасында өтөт.

Кыргызстандагы коронавирус учурда кайсы этапта? Дарыгерлер эл аралык альянста иштеп кандай ийгиликке жетишти? COVID-19дун болот деп жаткан экинчи толкунуна кантип даярдануу керек? Өкмөт кооптуулукка ыкчам реакция кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо Telegram каналына (0553) 28-27-97 номерине жибериңиздер. Модератор аны түз эфирде берет.

57
Белгилер:
өкмөт, коронавирус, дарыгерлер, брифинг
SputnikPro долбоорунун логотиби

SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды

21
(жаңыланган 14:16 31.07.2020)
SputnikPro — ар тармактын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. SputnikPro билим берүү долбоору коомчулук менен байланыш чөйрөсүндөгү эң ири делген IPRA Golden World Awards for Excellence in PR 2020 сыйлыгына татыды.

Маалыматка ылайык, долбоор эл аралык калыстар тобу тарабынан "Өлкө, аймак жана шаар" номинациясында мыкты деп табылган.

"Биздин ишибизге ушунчалык жогору баа берилгенине ыраазыбыз. Эки жыл мурда иштей баштаган SputnikPro элге абдан керектүү жана актуалдуу долбоор болуп калды. Биздин агенттиктин долбоору ишин жаңы баштагандарга журналисттик кесиптин аспектилери жөнүндө көп нерсени билүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет", — деген "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

IPRA Golden World Awards (GWA) сыйлыгы коомчулук менен байланыш боюнча илгертеден бери иштеп келген эл аралык бирикме тарабынан ыйгарылат. Ассоциация 1955-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча байланыш стандарттарын калыптандырууга салымын кошуп, БУУ тарабынан таанылган. PR чөйрөсүндөгү эң беделдүү бирикме жыл сайын креативдүү жана уникалдуу долбоорлорду тандап келет.

21
Белгилер:
сыйлык, долбоорлор, SputnikPro, "Россия Сегодня" ЭМА, Россия
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт