Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Мектептерде жана бала бакчалардагы акча чогултуу" аттуу тегерек стол

Жазылуу
Иш-чара 7-май күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Мектептер менен бала бакчалардагы акча чогултуу — ата-энелер фонду эмнени жашырат" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Социалдык тармактарда борбор калаада жана аймактарда акча чогултууга каршы арыздангандарды байкоого болот. ЖМКлар болсо ата-энелерден акча чогултуу канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп алгылары келген жарандардын пикирлерин жазып келет.

19-апрелде Башкы прокуратура Новопавловкадагы лицейдин сарптаган акчасын текшере баштады. Билим берүү уюмунун жетекчилиги ата-энелерден жалпы жонунан 28,5 миллион сом топтогон. Ата-энелер акча чогултуу фактысы боюнча Финполго да кайрылууну пландап жатат. Лицейдин директору топтолгон акчанын отчетун ата-энелерге да, Sputnik агенттигине да бербей келет.

Аталган маселени тегерек столдун төмөнкү катышуучулары талкуулайт:

  • Гүлшан Кушбековна АБДЫЛДАЕВА — Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси;
  • Евгения Григорьевна СТРОКОВА — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Наталья Васильевна НИКИФОРОВА — Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
  • Валихан Куатбекович САРЫБАЕВ — Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү;
  • Назгүл Мырсакуловна КАЛМАМБЕТОВА — Булан институтунун координатору;
  • Гүлнара Оморовна ЖАМГЫРЧИЕВА — Акыйкатчынын орун басары;
  • Анара Зарылбековна ДАУТАЛИЕВА — "Таза табигат" коомдук бирикмесинин жетекчиси;
  • Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0