Суу. Архив

"Ысык суу менен камсыздоо үчүн жаңы технологияны ишке киргизүү" маалымат жыйыны

14
(жаңыланган 17:25 04.07.2019)
Иш-чара 5-июлда саат 10.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкек мэриясы жарандарды ысык суу менен камсыздоо үчүн жаңы технологияларды ишке киргизет" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Катышуучулар жылытуу сезонуна карата даярдыктар жана гелиоколлекторлорду орнотуу маселесин талкуулашат. Бул жабдыктар күндөн алынган энергиянын жардамы менен керектөөчүлөрдү ысык суу менен камсыз кылат. Гелиоколлекторлорду орнотуу менен атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүшү жана чыгымдар азайган.

Катышуучулар:

  • Виктория Андреевна МОЗГАЧЁВА — Бишкек мэриясынын "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасынын директору;
  • Болот Абдижапарович МИРШАКИРОВ — мэриянын Турак жай коммуналдык чарба департаментинин жакшыртуу жана отун энергетика комплексинин бөлүм башчысы.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

14
Белгилер:
маалымат жыйын, Бишкек мэриясы, Бишкек