Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"ЖККУга мүчө мамлекеттерде терроризм, экстремизмге каршы туруу" аттуу жыйын өтөт

© Фото / пресс-служба Генерального штаба Вооруженных сил КРАскер кызматкерлери. Архив
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 11-июлда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Силерди "ЖККУга мүчө мамлекеттерде терроризм менен экстремизмге каршы туруу" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 11-июлда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Тегерек столдун катышуучулары Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердеги туруктуулукка, коопсуздукка коркунуч жарата турчу негизги чакырыктарды талкуулайт. Ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын Бишкекте өткөн жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашат.

Андан сарткары:

  • Тажик – афган чек арасындагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча аракеттер;
  • ЖККУнун 2020-жылга карата жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын чогуу дардоо жөнүндөгү пландар;
  • ЖККУнун Чукул аракет кылуу борборлорунун өз ара маалымат алмашуусу тууралуу сөз болот.

Катышуучулар:

  • Игорь Альбертович ШЕСТАКОВ — саясат таануучу, Кыргызстандын аймактык эксперттеринин "Пикир" клубунун тең төрагасы;
  • Сергей Алексеевич АЛЕКСЕЕВ — ЖККУнун "Кант" авиабазасынын командиринин орун басары;
  • Элмира Сансызбаевна ИМАНАЛИЕВА — Кыргызстандын аймактык эксперттеринин "Пикир" клубунун координатору;
  • Кайрат Медербекович ОСМОНАЛИЕВ — юридика илимдеринин доктору, профессор, КРдин эмгек сиңирген юристи, БШКнын мүчөсү;
  • Леонид Иванович СУМАРОКОВ — КРСУнун проректору;
  • Лариса Львовна ХОПЕРСКАЯ — саясий илимдердин доктору, КРСУнун профессору;
  • Мурат Бейшенович БЕЙШЕНОВ — КРдин мурдагы Коргоо министринин экс-орун басары;
  • Марат Сайнидинович КАЗАКБАЕВ — саясат таануучу;
  • Малик Мукаевич ЖУМАГУЛОВ — Мурдагы Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгынын экс-орун басары;
  • Юрий Леонидович ПОГИБА —"Альфа" террорго каршы бөлүмүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясынын президенти.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0