Бишкек. Архивдик сүрөт

"Коопсуз шаардын" ойлондурган жагдайлары талкууланат

48
(жаңыланган 15:29 17.07.2019)
Иш-чара 18-июлда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Коопсуз шаар" айып пулдарды чогулта албай, эреже бузганын далилдеген каттар чыныгы дарегине жетпей жатат" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 18-июлда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Айдоочулардын басымдуу бөлүгү "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында келип жаткан айып пулдар менен макул эместигин айтып, сотко кайрылууда. Алардын көбү автоунаасын ишеним кат менен саткан. Эми салынган айыптардын баары аларга келип жатат.

Юристтердин айтымында, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында салынган айыптардын жарымы төлөнө элек. Адистер негизги маселе салынган айып пул боюнча талаш жаралган учурда райондук соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпай турганында болуп жатканын белгилешүүдө. Бул нерсе өз кезегинде элдин укук коргоо органдарына болгон нааразычылыгын арттырышы ыктымал.

ЖКККББ айдоочулардын жанында болушу шарт болгон документтердин арасына ишеним кат да болсун деген талапты убактылуу киргизип жатат.

Тегерек столго катыша тургандар:

  • Өкмөттүн аппаратынын өкүлү;
  • ЖКККББнын өкүлү;
  • КАСМАЛИЕВ Усеин Турсунбекович — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Унаа" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
  • СУЛТАНОВ Чыңгыз Эркинович — Мамлекеттик каттоо кызматынын "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси;
  • ЖАЗАКОВА Ырыскүл Мүдүновна — "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын почта кызматы жана логистика бөлүмүнүн башкы адиси;
  • КАРИПОВ Нурмухамед Ташболотович — Кыргызстандын транспорт каражаттарынын айдоочуларынын бирикмесинин өкүлү;
  • ПОПОВИЧ Николай Геннадьевич — юрист;
  • ЕВТЕЕВА Марина Владимировна — "АВТОгид" гезитинин жооптуу редактору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

48
Белгилер:
сот, айып пул, Коопсуз шаар, пресса
Талаада буудай оруп жатоо. Архив

Министрлик: быйыл Кыргызстанда түшүмдүүлүк аз болору күтүлүүдө

62
(жаңыланган 15:35 11.06.2021)
Министрдин орун басары ведомство кургакчылыктын кесепетин жеңилдетүү үчүн аракеттерди көрүп, коңшулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Быйыл кургакчылык болуп жатканына байланыштуу түшүмдүүлүк дагы төмөн болору күтүлүп жатат. Бул туурасында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Ильич Марсбек уулу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

"Бүткүл дүйнөдө кургакчылык күч алууда. ЖМКлар тоют жетишсиз болуп, жан-жаныбарлар өлүп жатканын жазууда. Биз чара көрүүгө аракет кылып жатабыз. Коңшулар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. Жакын арада Кытайдан 40 миң тонна ун, 20 миң тонна шекер жана суу май келери күтүлүүдө. Мамлекеттик резерв фондуна Казакстандан ун жеткирилди. Мындан тышкары, бизге Канаттуулар чарбасы ассоциациясынан жем тартыштыгы боюнча кайрылып жатышат. Жакынкы күндөрү бул тармакка колдоо көрсөтүү үчүн 4 миң тоннадан ашык тоют брондойбуз", — деди адис.

Марсбек уулунун айтымында, министрлик фермерлерге айыл чарба техникасын лизингге берүүдөгү ставкаларды 4,5 пайызга чейин түшүрүү (мурда 7 пайыз болгон — ред.) боюнча өкмөт жана банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Министрдин орун басары ведомство кургакчылыктын кесепетин жеңилдетүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.

"Тилекке каршы, оор учурду башыбыздан кечирип жатабыз. Кургакчылык акыркы 10 жылдыктагы эң жогорку чегине жетти", — деди ал.

Буга чейин Чүй облусундагы фермерлер сугат суу маселеси кыйын болуп жатканын айтышкан.

62
Белгилер:
айыл чарба, кургакчылык, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналууда
Россия суу май экспорттоодо эркин пошлина киргизет. Кыргызстанга таасири
Чөп жыйуу. Архивдик сүрөт

Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн

147
(жаңыланган 12:35 11.06.2021)
Ассоциация өкүлү айрым аймактарда кырдаал жан кейитерлик экенин айтып, кээ бир сугат жерлер куурап калганын белгиледи.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Эгер азыр Чүй облусундагы жерлерди сугаруу маселеси чечилбесе, күз-кыш мезгилинде азык-түлүктүн баасы кымбаттайт. Бул туурасында мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. 

Экс-министр сельского хозяйства Тилек Токтогазиев на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев

Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкстын айтымында, быйыл Кыргызстанда былтыркыга салыштырмалуу чөптүн жана дан эгиндеринин баасы эки эсе кымбаттаган. 

Представитель Ассоциации кукурузоводов Виталий Какштыкс на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жүгөрүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Виталий Какштыкс
"Өткөн жылы ушул маалда бир түк чөп 130-140 сом болсо, азыр 230 сомго жетти. Бүгүнкү күндө арпа 20-21 сом болуп жатат, былтыр 10-11 сомдон сатканбыз. Баалар тынымсыз өсүүдө. Ун комбинаттары буудайды 22-23 сомдон алууда, өткөн жылы 14 сом эле", — деди Какштыкс.

Ассоциация өкүлү кээ бир аймактарда кырдаал жан кейитерлик экенин айтып, суу жоктугунан сугат жерлер куурап калганын белгиледи.

Ал эми Токтогазиев жемдин кымбатташы жумуртка, сүт, эт жана башка азыктардын баасынын жогорулашына катуу таасир этерин эскертет.

"Маселе аябай маанилүү, бул биринчи кезектеги приоритет болуп каралышы керек. Мамлекеттик органдарды реформалоо, түзүмдөрүн өзгөртүү менен эртең элди бага абайсың", — деди Токтогазиев.

Буга чейин Sputnik Кыргызстанга Чүй облусунун фермерлери суу тартыштыгынын кесепетинен 100 миң гектар жердеги эгиндин алты миң гектары куурап калганын билдирген.

147
Белгилер:
жер, эгин, дыйкан, фермер, Чүй облусу
Тема боюнча
Быйыл жашылча-жемиш былтыркыдан азыраак жыйналууда
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

53
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

53
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты