Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Бишкек транспортундагы электрондук билеттер. Долбоор эмне болуп жатат" аттуу жыйын

© Sputnik / Зульфия ТургуноваВнедрение электронного билетирования в общественном транспорте Оша
Внедрение электронного билетирования в общественном транспорте Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 2-августта саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкек транспортундагы электрондук билеттер. Долбоор эмне болуп жатат?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Иш-чара 2-августта саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Тегерек столдун катышуучулары муниципалдык транспортторду электрондук билетке өткөрүү долбоору качан ишке аша турганын жана жүргүнчүлөрдү эмнелер күтөрүн айтып беришет.

Тегерек столдун катышуучулары:

КОЙЧУБАКОВ Нурлан Кеңешевич — "Бишкек жүргүнчү автотранспорт" ишканасынын директору;

АТЫКАНОВ Нурлан Качкынович — шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси;

ӨМҮРЗАКОВ Артур Туратбекович — Бишкек троллейбус башкармалыгынын жетекчиси;

КОНДАХЧАН Арсен Олегович — Бишкектеги электрондук билет долбоорунун жетекчиси, ВРС AG (Швейцария) тендеринин жеңүүчүсү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0