Ак илбирс. Архивдик сүрөт

Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" дегендер чуркашат

36
(жаңыланган 16:24 02.09.2019)
Иш-чара 3-сентябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу чуркоо өтөт" деп аталган маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара 3-сентябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

15-сентябрда Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Анын байге фондусу Борбор Азия боюнча эң чоң болмокчу. Каражаттын басымдуу бөлүгү ак илбирсти коргоого жана ал байырлаган аймакты сактоого жумшалат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21 чакырымга чуркашат.

Бул иш-чара кайда өтө турганын, кандай өзгөчөлүктөрү бар экендигин маалымат жыйындын катышуучулары айтып берет.

  • КЕЛСИНБЕКОВ Канат Келсинбекович — "Номад Спорт" коомдук фондусунун башкы директору;
  • КӨЧӨРОВ Чыңгыз Орозалиевич — ак илбирсти жана ал байырлаган аймакты сактоо глобалдык программасынын улуттук координатору;
  • АМАНКУЛОВ Канат Маратович — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

36
Белгилер:
Ак илбирс, чуркоо, марафон, жыйын, маалымат