Урматтуу кесиптештер, силерди "Мектепке электрондук кезекке туруу: баланын жеке маалыматтарын кантип коргоо керек" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.
Иш-чара 10-сентябрда саат 10:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
"Мектепке электрондук катталуу" долбоору балдарды 1-класска каттоо аракеттерин автоматташтырат.
Маалымат жыйындын катышуучулары балдардын жеке маалыматтарын кантип коргоо керектигин айтып беришет.
Катышуучулар:
- КУСЕИНОВА Айнура Сүйүндүковна — Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
- ГОРКИН Алексей Александрович — долбоорду иштеп чыккан адис;
- АМАТОВ Төлөгөн Жолдошбекович — "Мектепке электрондук катталуу" системасын иштеп чыккан башкы адис;
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.