Художественный руководитель Московского театра мюзикла Михаил Швыдкой

"Путиндин атайын өкүлү РФтин КРдеги маданият жылы тууралуу" маалымат жыйыны

43
(жаңыланган 12:40 31.10.2019)
Иш-чара эртең, 31-октябрь күнү, саат 11:30да Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Путиндин атайын өкүлү Россиянын Кыргызстандагы маданият жылы тууралуу" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

Иш-чара эртең, 31-октябрь күнү, саат 11:30да Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтөт.

2020-жылды Россияда Кыргызстан жылы, Кыргызстанда Россия жылы (кайчылаш) деп жарыялоо боюнча КРде уюштуруу комитети түзүлдү. Биргеликте иш-чаранын планы иштелип чыгат.

Россия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Кыргызстан менен Россия жылдарынын программасы тууралуу айтып берет. Ал Бишкекке республиканын бийлиги менен программаны макулдашуу үчүн келди.

ШВЫДКОЙ Михаил Ефимович — Россия президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

43
Белгилер:
программа, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (40)
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирус менен мындан ары кантип күрөшүү керек. Брифинг

63
(жаңыланган 18:05 11.08.2020)
Суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге чакырабыз.

Иш-чара эртең, 12-августта, саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook тармагындагы баракчасында өтөт.

Кыргызстандагы коронавирус учурда кайсы этапта? Дарыгерлер эл аралык альянста иштеп кандай ийгиликке жетишти? COVID-19дун болот деп жаткан экинчи толкунуна кантип даярдануу керек? Өкмөт кооптуулукка ыкчам реакция кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо Telegram каналына (0553) 28-27-97 номерине жибериңиздер. Модератор аны түз эфирде берет.

63
Белгилер:
өкмөт, коронавирус, дарыгерлер, брифинг
SputnikPro долбоорунун логотиби

SputnikPro долбоору эл аралык IPRA Golden World Awards сыйлыгына татыды

21
(жаңыланган 14:16 31.07.2020)
SputnikPro — ар тармактын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. SputnikPro билим берүү долбоору коомчулук менен байланыш чөйрөсүндөгү эң ири делген IPRA Golden World Awards for Excellence in PR 2020 сыйлыгына татыды.

Маалыматка ылайык, долбоор эл аралык калыстар тобу тарабынан "Өлкө, аймак жана шаар" номинациясында мыкты деп табылган.

"Биздин ишибизге ушунчалык жогору баа берилгенине ыраазыбыз. Эки жыл мурда иштей баштаган SputnikPro элге абдан керектүү жана актуалдуу долбоор болуп калды. Биздин агенттиктин долбоору ишин жаңы баштагандарга журналисттик кесиптин аспектилери жөнүндө көп нерсени билүүгө, тажрыйба алмашууга жана жаңы идеяларды жаратууга мүмкүнчүлүк берет", — деген "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко.

Россиялык эксперт журналисттерге көздөгөнүнө жеткире турган 5 кеңеш айтты

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖ студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Анда Sputnik агенттигинин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле белгилүү россиялык журналисттер менен эксперттер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Соцтармакта кантип популярдуу болуу керек? Россиялык журналисттин мастер-классы

IPRA Golden World Awards (GWA) сыйлыгы коомчулук менен байланыш боюнча илгертеден бери иштеп келген эл аралык бирикме тарабынан ыйгарылат. Ассоциация 1955-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча байланыш стандарттарын калыптандырууга салымын кошуп, БУУ тарабынан таанылган. PR чөйрөсүндөгү эң беделдүү бирикме жыл сайын креативдүү жана уникалдуу долбоорлорду тандап келет.

21
Белгилер:
сыйлык, долбоорлор, SputnikPro, "Россия Сегодня" ЭМА, Россия
Бавария оюнчусу Роберт Левандовски алтынчы голду киргизүүдө

"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү

0
(жаңыланган 11:19 15.08.2020)
Окуя "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн мелдештериндеги эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин чейрек финалында германиялык "Бавария" командасына 8:2 эсебинде утулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай көрүнүш каталониялык команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет "Барселонанын" дарбазасына сегиз гол кирген учур 1946-жылы катталган. Анда Испаниянын кубогу үчүн мелдеште "Севилия" 8:0 эсебинде уткан.

УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат

"Барселона" буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында "Атлетик" клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы "Севилияга" 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935 жана 1943-жылдары Испания кубогунда мадриддик "Реал" клубуна жеңилген.

Кечээ Лиссабондо Чемпиондор лигасында "Бавария" менен беттеши "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн күч сынашуусундагы эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

Эскерте кетсек, пандемияга байланыштуу аталган мелдеш августта жанданып, коронавирус илдети жок деген аймакта — Португалиянын Лиссабон шаарында борборлоштурулуп өтүүдө. Чейрек, жарым финалдык оюндар бир эле беттеш менен уюштурулуп жатат.

0
Белгилер:
тарых, эсеп, жеңилүү, Барселона, Чемпиондор лигасы, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды