Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Кыргызстанда жол кырсыктардын санынын өсүшүнө эмне себеп?" аттуу тегерек стол

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerЖол кырсыгы. Архив
Жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 4-декабрь күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстанда жол кырсыктардын санынын өсүшүнө эмне себеп?" аттуу тегерек столго чакырабыз.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев үстүбүздөгү жылдын тогуз айында өткөн жылдын ушул эле убакыт аралыгына салыштырмалуу жол кырсыктардын саны 512ге, каза болгондордун саны 912ге өскөнүн билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тийиштүү коопсуздук чараларын уюштурбаганы үчүн дагы болуп жатат.

Учурда ЖКККББ профилдик мамлекеттик органдар менен биргеликте "Коопсуз шаар" долбоорунун II этабын ишке ашыруу үчүн жол инфраструктурасын калыбына келтирип жатат. Анткен менен Жунушалиев жол инфраструктурасынын абалы начар экенин билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар кандай иштерди аткарууда? ЖКККББ жол кырсыктарын алдын алуу үчүн кандай аракеттерди көрүүдө? Бийлик аталган долбоордун экинчи этабын качан толугу менен ишке ашырат? Ушул жана башка суроолорду тегерек столдун катышуучулары талкууга алышат:

  • ЖЭЭНБАЕВА Элнура Нурманбетовна — Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин "Коопсуз шаар" долбоору боюнча координатор;
  • ТОКТОНАЛИЕВ Рашид Рустиванович — Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору;
  • ТЫНЫСТАНОВА Мунира Макеновна — өкмөттүн аппаратынын санариптик трансформация бөлүмүнүн жетекчиси;
  • ТУРСУНБЕКОВ Чыныбай Акунович — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • ПИРМАТОВ Исхак Айтбаевич — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • ШАБДАНОВ Медербек Тагайбекович — ЖКККББнын Мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары;
  • АБДЫЖАПАРОВ Турус Сайналович — ЖКККББнын Жол көзөмөл бөлүмүнүн ага инспектору;
  • Шералиев Бакытбек Кемелевич — "Унаа" мамлекеттик ишканасынын аналитикалык иш, көзөмөл, мониторинг, маалымат жана мамлекеттик кызматтардын сапаты боюнча бөлүмдүн башкы адиси;
  • БЕЙШЕЕВ Канатбек Дуйшенбекович — юрист, Жолдор жана транспорт министрлигинин алдындагы Унаа жолдор башкармалыгынын адиси;
  • СУЛТАНОВ Чыңгыз Эркинович — Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын долбоорлор башкармалыгынын жетекчиси.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мекемесинин өкүлү.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0