Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Бишкектин бюджети алгачкы ирет 10 млрд. сомдон ашты" аттуу маалымат жыйын

© пресс-служба мэрии города БишкекПразднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека
Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 20-январь күнү саат 11.00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт. Анын катышуучулары аткарылган иштер, эффективдүү менеджмент, 2020-жылга карата киреше, чыгаша жана инвестициялык долбоорлор жөнүндө айтып беришет.

Биринчи жолу шаардын бюджети жыл башында кабыл алынды. Ушул жана башка маселелер боюнча маалымат жыйындын катышуучулары айтып беришет:

  • БАКЕТАЕВ Алмаз Кушбекович — финансы жана саясат боюнча биринчи вице-мэр;
  • АЛИЕВ Медер Кубанычевич — Бишкек мэриясынын экономика жана инвестиция боюнча департаментинин жетекчиси;
  • АМАНБАЕВ Үмүтжан Моминович — мэриянын алдындагы Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жетекчиси.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.

Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0