Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

"Аэропорттор тышкы башкарууга берилеби? КР үчүн мааниси" аттуу маалымат жыйын

© Sputnik / Азат АкаевМодернизация международного аэропорта "Манас"
Модернизация международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 30-январь күнү саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Аэропорттор тышкы башкарууга берилеби? Кыргызстан үчүн мааниси" аттуу маалымат жыйынга чакырабыз.

27-январь күнү өкмөттүн жыйынында биринчи-вице-премьер Кубатбек Боронов Кыргызстандын аэропорттору, анын ичинде "Манас" жана "Ош" ири аба майдандарын тышкы башкарууга берүү пландалып жатканын билдирген.

Бороновдун айтымында, декабрь айында аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоору даярдалууда. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашмакчы.

Тышкы өнөктөш ким жана эмнелерге жооп берет? Аэропорт кандай форматта иштейт? Кыргызстандын бийлиги кандай шарттардын негизинде келишим түздү? Мамлекетке кандай пайдасы бар? Ушул жана башка суроолорго маалымат жыйындын катышуучулары жооп берет:

АКЫШЕВ Курманбек Токтогулович — Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору;

ЖАНГАЗИЕВ Шакир Курманович — Авиациялык ишканалар ассоциациясынын аткаруучу директору;

АБДЫЛДАЕВ Данияр Исаевич — Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору.

Жаңылыктар түрмөгү
0