Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

Жазылуу
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

© Фото / из личного архива Евгения ПлисоваМикробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек - Sputnik Кыргызстан
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

© Фото / из личного архива Елены Глушаковой"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова
Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек - Sputnik Кыргызстан
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Использование антисептических средств - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан чындап коргой турган антисептиктин курамы айтылды
Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0