Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Коронавирус менен мындан ары кантип күрөшүү керек. Брифинг

© AP Photo / Evgeniy MaloletkaОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди "Кыргызстан бийлиги жана россиялык дарыгерлер: коронавирус менен андан ары кантип күрөшүү керек?" деп аталган брифингге чакырабыз.

Иш-чара эртең, 12-августта, саат 11:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook тармагындагы баракчасында өтөт.

Кыргызстандагы коронавирус учурда кайсы этапта? Дарыгерлер эл аралык альянста иштеп кандай ийгиликке жетишти? COVID-19дун болот деп жаткан экинчи толкунуна кантип даярдануу керек? Өкмөт кооптуулукка ыкчам реакция кылуу үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Ушул жана башка суроолорго Башкыртстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов, Кыргызстандын вице-премьери Аида Исмаилова жана пульмонолог Лилия Козырева жооп берет.

Урматтуу кесиптештер, эгерде суроолор болсо Telegram каналына (0553) 28-27-97 номерине жибериңиздер. Модератор аны түз эфирде берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0