Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКавказский государственный природный биосферный заповедник
Кавказский государственный природный биосферный заповедник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө 180 миңден көбүрөөк киши бул тармакта иштеп жан багат. Бирок пандемиянын айынан алардын 90 пайызы ишсиз калды.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда туризм тармагында иштеген адистердин 90 пайызы жумушсуз калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Туризм ассоциациясынын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм ассоциациясынын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков
Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар - Sputnik Кыргызстан
Туризм ассоциациясынын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков
"Пандемия кызматкерлердин 90 пайызын ишинен кол жуудурду. Калган 10 пайызы аралыктан эптеп иштеп жаткандар. Негизи Кыргызстанда 180 миңден көбүрөөк киши бул тармакта иштеп жан багат", — деди Мырзабеков.

Ал кошумчалагандай, учурда тармактын 20 пайызы таптакыр ишмердүүлүгүн токтотуп же башка нерсе менен алек боло баштады. Көпчүлүк ишкерлерге азыркыдай оор абалда мамлекет тарабынан жетишерлик жардам болбой жатканы белгиленди. Мырзабеков салыктардын мөөнөтүнүн жылдырылышын жакшы жардам деп айтууга мүмкүн эместигин кошумчалады.

Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм ассоциациясынын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков
Кыргызстанда туризм тармагында канча адам ишсиз калды. Кейиштүү сандар - Sputnik Кыргызстан
Туризм ассоциациясынын башкаруучулугунун төрагасы Эрмек Мырзабеков
"Бизге отчетторду жана салыкты кийин төлөсөңөр болот, бирок силерди салыктан бошото албайбыз, бюджет тартыш деп айтышты. Бирок биз акча таппасак кийин кантип төлөйбүз? Демек, ишкерлер жөн гана карызды мойнуна үйүп алып отурушат да азыр. Ошондой эле абал жеңилдетилген кредиттер багытында да болуп жатат. Ооба, жылына 4-10 пайыз менен каражат беришти. Бирок соода жок болсо, андан кантип кутулабыз?" — деди төрага.

Мырзабеков сөзүнүн аягында аларга иштөөгө уруксат берилгени менен чек аралардын жабык турушу баарына тоскоол болуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0