БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда авиациядагы коопсуздук стандарттарын камсыздоо деңгээли дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Сталбек Шаршеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымында, буга ICAO (Эл аралык жарандык авиация уюму) аудитинин корутундусу далил боло алат.
Шаршеев Кыргызстандагы ички аба каттамдардын коопсуздугунун деңгээли канчалык деген суроого жооп берди.
"Авиацияда "учуулардын коопсуздук деңгээли" деген түшүнүк бар, ал бир нече компоненттерден турат. Ар биринде сакталууга тийиш болгон элементтер бар. ICAO өткөн жылы текшерүү жүргүзгөн, анын жыйынтыгы биздин өлкөдө коопсуздук стандарттарын ишке ашыруу деңгээли дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору экендигин көрсөткөн", — деген Жарандык авиация башчысы.
Шаршеевдин айтымында, көптөгөн өнүккөн өлкөлөр 1960-жылдары чыгарылган учактарды иштетишет, ал эми ички парктагы учактар болжол менен 25 жыл мурда чыгарылган.
Эске салсак, Сталбек Шаршеев ноябрь айынын ортосунда аталган мекеменин башчысы болгон. Бир нече жыл мурун ал агенттикти директордун милдетин аткаруучу катары жетектеген.