Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив

Кыргызстанда катуу жер титирөө болобу? Адистин жообу

511
(жаңыланган 14:32 15.04.2021)
Кыргызстанда маал-маалы менен күчү анчалык чоң эмес жер титирөөлөр катталып турат. Акыркы он жылдыктардагы ири жер титирөө 2008-жылдын октябрь айында Ош облусунда болгон.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан катуу жер титирөө боло турган аймактарга кирет. Бул тууралуу жер титирөө боюнча Москва — Бишкек — Ереван — Нур-Султан — Тбилиси шаарларынын ортосундагы видеокөпүрө учурунда Россиянын Илимдер академиясына караштуу Жер силкинүүнү прогноздоо жана математикалык геофизика институтунун директору Петр Шебалин билдирди.

Журналисттер ага "Кыргызстанда жакын арада катуу жер силкинүү болушу мүмкүнбү?" деген суроо беришти.

"Кыргызстанда качандыр бир кезде катуу жер титирөө болору толук ыктымал. Анткени өлкө тарыхында кыйроолорго алып келген жер титирөөлөр болгон. Бирок андан коркуунун кереги жок. Болгону жердин силкинүүсү прогноздолгон аймактардын жашоочулары өзүн туура алып жүрүү эрежелерин билип алганы жакшы", — деди адис.

Бирок ал жер титирөөнүн күчү канча баллга жетиши мүмкүн экенин айткан жок.

Кыргызстанда маал-маалы менен күчү анчалык катуу эмес жер титирөөлөр катталып турат. Акыркы он жылдыктардагы ири жер титирөө 2008-жылдын октябрь айында Ош облусунда болгон. Күчү сегиз баллга жеткен жердин силкинүүсүнөн Нура айылындагы 70тен ашуун киши көз жумган. Алардын ичинен 40тан ашыгы кичине балдар болгон.

150гө чукул турак жай талкаланган силкинүү Өзбекстан менен Тажистанда дагы сезилген.

511
Белгилер:
адис, божомол, жер титирөө, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкөнүн үч жеринде күчү 3,5 жана 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов

Шыкмаматов: "Кумтөр" маселесин цивилизациялык жол менен чечебиз

142
(жаңыланган 14:57 18.05.2021)
Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, "Кумтөр" менен акыркы келишим коррупциялык механизмдер менен түзүлгөн деген далилдер бар.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. "Кумтөр" маселесин Кыргызстан цивилизациялык жол менен чечүү аракетин жасап жатат. Бул тууралуу брифингде инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

"Акыркы үч саясий окуянын бирине Кумтөрдөгү алтындын туура эмес бөлүштүрүлүшү себеп болгон. Бийликтин булагы эл болуп саналат. Эгерде азыр референдум өтсө, жарандардын 90 пайызы Кумтөргө байланыштуу маселени Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы үчүн карап чыгууга добуш берерине ишенем. 2011-жылы AMEC бирикмесинин эл аралык эксперттери Centerra Gold Inc. алтын артынан түшүп, экологияны коргоонун нормаларын унутта калтырып жатат деген жыйынтыкка келишкен. Финансылык эксперттердин кирешени бөлүштүрүү коррупция менен коштолгон деген корутундусу да бар", — деген ал.

Шыкмаматовдун пикиринде, инвестициялык климат жана "Кумтөр" маселеси боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү — ар башка маселе.

"Кумтөр" маселесин көтөрбөш үчүн дайыма инвестициялык климат, эл аралык соттор тууралуу айтылчу. Бизге эрктүүлүк жана чечкиндүүлүк жетпей жатты. Талаш-тартыштарды эл аралык сотто цивилизациялык жол менен чечүүгө даярбыз. Эл аралык сотто адатта көп иш каралат. Дүйнө жүзүндө маселелер болгон үчүн сот бар. Биз соттошууга даярбыз, жапайычылык менен мамиле кылып, дүйнөлүк коомчулуктун эрежелерин тааныбайбыз деп айткан жерибиз жок. Биз өзүбүзгө алган бардык эл аралык милдеттенмелерди аткарабыз", — деп билдирди министр.

Ал ошондой эле "Кумтөр" менен акыркы келишимдер коррупциялык механизмдерди колдонуу менен түзүлгөн деген далилдер бар экендигин белгиледи.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы дооматты негизсиз деп эсептеп, 2009-жылдагы келишимдин бузулушуна алып келерин айткан. 11-май күнү УКМК "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Ал эми 17-майда Жогорку Кеңеш жыйында карап, Кумтөр алтын кенин убактылуу тышкы башкарууга алуу сунушун колдоду.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

142
Белгилер:
сот, маселе, Алмамбет Шыкмаматов, Кумтөр, Кыргызстан
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Кумтөр — бул рак! Депутат алтын кенин таптакыр жаап салууну сунуштады
Парламент Кумтөрдү тышкы башкарууга алууга макулдук берди
Таластагы медиктер. Архив

Адис апрелде дарыгерлерге которулбай калган каражат качан берилерин айтты

45
(жаңыланган 13:29 12.05.2021)
Өскөмбаева акчанын кармалып калышы которуу системасына байланыштуу эместигин белгиледи. Анын айтымында, негизги айлык (оклад) жаңы тариф менен которулат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. 2021-жылдын апрель айында кыргызстандык дарыгерлерге 24 миллион сом төлөнбөй калган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Дарыгерлердин эмгек акысы өзгөрүп, мындан ары көбүрөөк айлык акы ала баштайбы?" аттуу брифингге катышты.

"Дарыгерлерден кечирим сурайбыз. Апрель айында 24 миллион сом төлөөгө жетишпей калдык. Бүгүнкү күндө 685 миллион сом төлөнүп берилди. Финансы министрлигинен ушунча каражат бөлүнгөн. Жума күнү бизге акча түшүп калса ошол эле күнү саламаттык сактоо уюмдарына которобуз", — деди ал.

Өскөмбаева акчанын кармалып калышы которуу системасына байланыштуу эместигин белгиледи.

"Каражат (оклад) жаңы тариф менен которулат. Май айында бардык медиктер акчасын алат деп кепилдик бере алам", — деди ал.

Эске салсак, 1-июлдан тарта бир катар категориядагы медицина кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Буга чейин 1-апрелден тарта үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулаганы айтылган.

45
Белгилер:
каражат, медицина, Кыргызстан
Тема боюнча
ММКФ: жыл аягына чейин ар бир жарандын электрондук амбулатордук картасы болот
Аткаминер. Архив

Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасынын" башкы директору болуп дайындалды

0
(жаңыланган 22:54 18.05.2021)
Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Эсен Шерботоев "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын аталган мекемеден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгон.

Бүгүн, 18-майда, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев Шерботоевди ишкананын жамаатына тааныштырды.

Министр жаңы директорго ийгилик каалап, почтанын ишине олуттуу колдоо көрсөтөрүнө ишене турганын айтты. Ал эми Шерботоев артылган ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

"Учурда байланыш жана коммуникация тармагынын санариптик трансформациялоо багытында динамикалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Биргелешкен аракеттер менен почта ишин өркүндөтөбүз", — деди ал.

Шерботоев буга чейин өкмөттүн аппаратынын транспорт, курулуш жана байланыш бөлүмүндө эксперт болчу.

0
Белгилер:
Эсен Шерботоев, жетекчи, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
"Кумтөрдүн" убактылуу тышкы башкаруучусу жамаатка тааныштырылды. Сүрөт
"Кыргыз почтасы" элди алдамчылардан сак болууга чакырды