Короодогу кой-эчкилер. Архив

Тоюттун аздыгынан колдогу малды союп башташабы? Министрдин жообу

153
(жаңыланган 15:06 23.11.2021)
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 1,7 миллион баш кара мал, 6,2 миллионго чукул кой-эчки жана жүз миңдеген жылкы бар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда колдогу малды жапырт союу байкалган жок, тескерисинче, алардын башы көбөйүшү мүмкүн. Мындай маалыматты айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборундагы брифингде айтты. 

Министр сельского хозяйства Аскарбек Джаныбеков на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда

Ага "тоюттун кымбаттап кетиши фермерлердин колундагы майда жандыктарды, малды жапырт союп сатууга алып келбейби?" деген суроо узатышкан.

"Кыргызстандыктар адатта кой-эчкини үйдөгү муктаждыкка керектеш үчүн соет, азыраак бөлүгүн базарга алып чыгып сатат. Өтө деле өзгөрүү болбойт, болушу деле мүмкүн эмес. 6 миллион 250 миң майда жандык бар. Мен майда жандыктарды айтып жатам", — деп түшүндүрдү Жаныбеков.

Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бексултан Арзыбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Андан соң министрден малдын башы боюнча көйгөй жаралбастыгына кепилдик сурашты.

"Фермерлер колундагы малын жапырт союп башташына себеп боло турган нерсени көргөн жокмун. Албетте, тоюттун баасы мындай чечимге таасир этиши мүмкүн, бирок бизде 1 миллион 725 баш кара мал, 6 миллион 250 миң майда жандык жана 538 миңге чукул жылкы бар. Жыл сайын саны көбөйүп жатат, быйыл да ошондой эле болот", — деп белгилеген министр.

Жаныбеков брифингде буга чейин Кыргызстанда сүт тартыштыгы боюнча суроого жооп берген.

153
Белгилер:
Кыргызстан, кой, эчки, мал, айыл чарба, Сүт, тоют
Тема боюнча
Министрлик: буудай аз жыйналганына карабай тартыштык болбойт
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
Медициналык кызматкер. Иллюстративдик сүрөт

ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы кесиптер суроо-талапка ээ? Тизме

104
(жаңыланган 17:07 03.12.2021)
ЕАЭБ өлкөлөрүндө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жаатында адистер жетишпей жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова биримдиктин эмгек рыногунда кайсы кесип, адистиктер суроо-талапка ээ экенин айтты.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн Москва — Бишкек — Минск — Ереван — Нур-Султан өлкөлөрүнүн ортосундагы "Кыргызстандыктардын Россиядагы жумушу" тууралуу видеокөпүрөдө сөз сүйлөдү.

Өмүрбекованын айтымында, тизме ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык комитеттери берген маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

"Биримдикте саламаттык сактоо тармагында кызмат кылгандар суроо-талапка ээ. Кеп инфекционист, реаниматолог-анестезиолог, лаборант, эпидемиолог, жалпы практика боюнча дарыгер тууралуу болуп жатат. Билим берүү жаатында да адистер жетишпейт. Маселен, STEM багытындагы педагогдор. Автомобилдик транспорт, калкты тейлөө, турак жай-коммуналдык чарба, курулуш жаатында да адистер керек", — деди ал.

Бардык мамлекеттерде IT-технология жаатындагы адистер да талап кылынат. Өмүрбекова мындай суроо-талапка ээ кесиптин арасында айыл чарба, өнөр жай тармагы бар экенин кошумчалады.

Ал мындай тизме ЖОЖдорго бүтүрүүчүлөрдү кайсы багытта даярдоого жакшы багыт боло турганын кошумчалады. Өмүрбекова ЕАЭБде суроо-талапка ээ делген кесиптердин толук тизмесин ЕЭКтин сайтынан тапса болорун белгиледи.

Эске салсак, Алтынай Өмүрбекова 2021-жылдын 5-октябрында Евразия экономикалык комиссиянын (ЕЭК) Эмгек, миграция жана социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалган.

104
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, суроо-талап, кесип, адистик, ЕЭК, Алтынай Өмүрбекова
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Таң каласыз! Быйыл ЖОЖго тапшырган студенттер тандаган кесиптердин тизмеси
Электробус аялдамада. Архив

Бишкекке 120 электробус алынат. Маршруттары

766
(жаңыланган 14:40 03.12.2021)
Электробуска тендер 14-15-ноябрь күндөрү жарыяланган, жыйынтыгы 14-январда чыгат. Алгачкы партияны 2022-жылдын жай-күз айларында алып келүү пландалып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Азия өнүктүрүү банкы (АӨР) 120 электробус жана аларды кубаттоочу инфраструктурага тендер жарыялады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги уюштурган брифингде Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов билдирди.

Юрист Бишкекского транспортного управления Улан Нажимудинов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкек транспорттук башкармалыгынын юристи Улан Нажимудинов

Тендер 14-15-ноябрь күндөрү жарыяланган, жыйынтыгы 14-январда чыгат. Алгачкы партияны 2022-жылдын жай-күз айларында алып келүү пландалып жатат.

Алына турган техниканын мүнөздөмөсү:

  • колдонуу мөөнөтү 12-13 жыл;
  • алып келген тарап үч жыл боюнча техниканы тейлөө менен алектенет;
  • техникага беш жылдык кепилдик берилиши керек;
  • жалпысынын 85 адам баткан, 28 орундуу автобус болушу шарт;
  • кубаттоочу станциялар акыркы аялдамада болот;
  • батареялар 5-6 жылга чыдап, кийин аны жеткирген талап өзү утилизациялашы зарыл.

Мунун бардыгы 58,6 миллион доллар деп бааланууда. Анын ичинен 25,6 миллиону грант, калганы 32 жылга насыяга алынат.

"Биз долбоор боюнча "Улуттук электр тармактары" жана "Түндүк электр" ишканалары менен макулдаштык. Алар 8 мегаватт кубаттуулук бөлүп берет. Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкынын сунушу менен коомдук транспорт үчүн "Жашыл коридор" тилкесин ачуу пландалууда. Алгач иш Киев көчөсүнөн башталат. Бул көчөдө коомдук транспортко тилке бар, бирок ойдогудай колдонулбайт. АӨР унаа токтотуучу жайларды, аялдамаларды курууга каражат бөлөт", — деди Нажимудинов.

Электробустар жүрчү маршруттар:

  • Ала-Тоо конушу — Асанбай кичи району;
  • Көлмө конушу — Көк-Жар конушу;
  • Барпы Алыкулов көчөсүнөн Көк-Жар конушуна чейин;
  • Арча-Бешик конушу — Чолпон-Ата жана Шабдан баатыр көчөсүнө чейин;
  • Көк-Жар конушу — Аламүдүн-1 кичи району.
766
Белгилер:
мэрия, Бишкек, тендер, коомдук транспорт, Улан Нажимудинов
Тема боюнча
Аймактарга такси, автобус менен жетүү канча турат? Жол кире
АӨБ Бишкекке 120 электр автобус сатып алууга акча бермей болду
Бишкекте троллейбус, автобустар кышкы графикке өттү. Каттамдар
Дело № папкасы менен киши. Архив

Ысык-Ата шайлоо округунан алдыга чыккан талапкерге иш козголду

39
(жаңыланган 18:12 06.12.2021)
Социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган. УКМК билдиргендей, анда кылмыштын белгилери бар.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер А.Т. аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда аталган талапкердин катышуусунда видеотасма жарыяланган.

"Бул чагымчыл видеодо талапкердин коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда ("Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу") каралган кылмыштын белгилеринин бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн А.Т. аттуу талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга кайрылуу жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, талапкердин аракеттерине юридикалык баа берилет.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу округ боюнча шайлоодо А.Т. элдин көпчүлүк добушун алып, биринчи сапка чыккан.

39
Белгилер:
Ысык-Ата, кылмыш, улут, кастык, УКМК
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
УКМКга барган Келдибеков шайлоо таза өткөнүнө ынанганын билдирди. Видео
УКМК добуштар чуусу боюнча: АСУ туура иштеген, ката сайттан кеткен