Америкалыктар менен европалыктар фашизмди жеңүүдө СССРдин салымын билбейт

© Sputnik / Наум Грановский / Медиабанкка өтүүУлуу Ата Мекендик согуш учурунда Москваны коргоп жаткан жоокерлер. Архив
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москваны коргоп жаткан жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосуна катышкандардын 15 пайызы гана Экинчи дүйнөлүк согуштагы фашизмди жеңүүдө кимдин салмагы кандай болгон деген суроого СССР деп жооп беришти. Иш-чарага катышкандарга Улуу Британия, СССР, АКШ, башкалар жана билбейм деген беш жооп сунушталган. 

Мында АКШ жашоочулары (79 пайыз), франциялыктар (58 пайыз) жана Германиянын теңи (50 пайыз) согушта америкалык жоокерлердин эмгеги чоң деп эсептейт. Ал эми Улуу Британия элинин 59 пайызы фашизмди жеңүүгө англиялыктардын эмгеги күч деп баалайт. АКШнын маанисин британиялыктардын 11 пайызы гана тааныса, СССРдикин 15 пайыз гана эл билет.

Мындай маалымат Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун тапшырыгы менен Франциянын Ifop жана Британиянын Populus компаниялары жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында аныкталды.

Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүдө төмөнкү өлкөлөрдүн салымы чоң деп эсептейт
Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүдө төмөнкү өлкөлөрдүн салымы чоң деп эсептейт - Sputnik Кыргызстан
Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмди жеңүүдө төмөнкү өлкөлөрдүн салымы чоң деп эсептейт

Башка мамлекеттерге салыштырмалуу Германиянын эли (24 пайыз) согуштагы жеңиште СССРди башкы күч катары эсептейт. Мында Батыш менен Чыгыш Германия элдеринин пикири бири-биринен кескин айырмаланып турат.СССРдин салымын аз деп америкалыктар (7 пайыз) жана франциялыктар (12 пайыз) эсептейт.

Сурамжылоого катышкандардын орточо эсеп менен 14-15 пайызы Европанын фашизмди бошотууда кимдин ролу чоң экенин айта албай коюшса, болжол менен 1-2 пайыз эл таптакыр башка мамлекеттердин салымын белгиледи.

Улуу Жеңиш күнүн утурлай Чүй облусунда 45 машина автожүрүшкө чыгат
Акыркы 70 жыл ичинде Европанын СССРди кабыл алуусу кескин өзгөрүп кеткен. Ал эми ар кандай маалымат боюнча Кызыл Армия европалык мамлекеттердин 50 пайызын бошотуп, жалпы жонунан 120 миллион адамды түзгөн.

АКШ менен Улуу Британияда сурамжылоону Populus компаниясы 15-21 апрель күндөрү жүргүзгөн. Франция менен Германияда IFop компаниясы тарабынан 14-18-апрель күндөрү өткөн. Сурамжылоого катышкандар жынысы, жаш курагы жана жашаган жери боюнча тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0