Sputnik БРИКС уюмун маалымат алмашууга чакырды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Петербургского экономического форума
Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Sputnik альянска мүчө мамлекеттин 11 ЖМКсы менен келишим түзгөн.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу БРИКС өлкөлөрү менен алдыңкы маалымат каражаттарынын ортосунда ачык маалыматтык айдың түзүүнү сунуштады. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин редакциясындагы ачык эшиктин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Sputnik агенттиги болочок журналисттерге эшигин ачты
Аталган демилге БРИКС уюмунун Индияда өтүп жаткан экинчи медиафорумдун жүрүшүндө айтылып, Sputnik агенттигинин эл аралык долбоорлорунун жетекчиси Василий Пушков сөз сүйлөдү. 

БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ЖМКлары үчүн жалпы маалыматтык талаа түзүү аракети агенттиктин демилгеси менен Москвада алгачкы медиафорум өткөн октябрь айында эле башталган. Жигердүү иш-аракеттин натыйжасында Sputnik альянска мүчө мамлекеттин 11 ЖМКсы менен келишим түзүп БРИКС алкагынынын маалымат айдыңындагы алдыңкы оюнчусу болуп калды.

"Sputnik БРИКС өлкөлөрүнүн маалымат каражаттарына контент алмашуу боюнча макулдашуу түзүп, бири-бирине карата ачык маалыматтык саясат түзүү багытында иш алып барууну сунуштайт", — деди Пушков.

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0