Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү World Press Photo сынактын Instagram баракчасын башкарат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүГабриэлла Пападакис и Гийом Сизерон (Франция) выступают в произвольной программе танцев на льду на командном чемпионате мира по фигурному катанию в Токио.
Габриэлла Пападакис и Гийом Сизерон (Франция) выступают в произвольной программе танцев на льду на командном чемпионате мира по фигурному катанию в Токио. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Владимир Песня 2016-жылдын февраль айында абройлуу делген World Press Photo 2016 сыйлыгын жеңип алган. Песнянын спорт темасындагы хоккейчилердин сүрөтү байге алып келген.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. World Press Photo 2016 конкурсун жеңип алган Sputnik агенттигинин фотожурналисти Владимир Песня бир апта бою аталган конкурстун Instagram баракчасын башкарат. 

30-октябрга чейин Песня социалдык тармактын колдонуучуларына өз эмгектерин сунуштайт. 

"Мен баракчанын катталуучуларына өзүмдүн эмгектеримди сунуштап, дүйнөнү менин көз карашым менен көрсөтөм. Биринчи болуп "Үмүт поезди" деген сүрөтүмдү жүктөдүм. Бизге кошулуңуздар", — деди сүрөтчү. 

Владимир Песня 2016-жылдын февраль айында абройлуу делген World Press Photo 2016 сыйлыгын жеңип алган. Песнянын спорт темасындагы хоккейчилердин сүрөтү байге алып келген. 

World Press Photo – эл аралык абройлуу сынак. Ага үстүбүздөгү жылы 128 өлкөдөн 5 миңден ашуун эмгек ат салышкан. 

Айт намазы, Бишкек, 2015-жыл, 17-июль. Эски аянтка 100 миңдей киши намазга келди - Sputnik Кыргызстан
Табылды Кадырбековдун эң мыкты он сүрөтү
Sputnik маалымат агенттиги дүйнөнүн глобалдуу медиа мейкиндигинде 2014-жылдын 10-декабрынан тартып иштей баштады. Sputnik ар бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына, маданиятына, тарыхына, үрп-адатына орун берүү менен көп кырдуу дүйнөнү чагылдырып көрсөтөт. 

Sputnik бренди алдында күнү-түнү бою англис, испан, араб, кытай тилдеринде жаңылык түрмөктөрү чыгып турат. Вашингтондогу, Каирдеги, Пекиндеги жана Монтевидеодогу аймактык редакциялар жаңылыктарды үзгүлтүксүз чыгарып туруу үчүн 24/7 режиминде иш алпарат.

Sputnik агенттигинин фотокызматы – бүткүл дүйнө боюнча фотококабарчылардын түйүнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0