Евробиримдиктин желеги. Архив

Sputnik Европа биримдигин мамлекеттик цензураны киргизбөөгө чакырды

34
(жаңыланган 14:20 24.11.2016)
Аталган резолюция Европа биримдигиндеги сөз эркиндигин чектөөгө багытталган. Анын кесепети Sputnik сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын Европада жабылышына алып келет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн көрүшүп жүргөн европалык жана америкалык уюмдарды Европа парламенти тарабынан 2016-жылы 23-ноябрда кабыл алынган "Үчүнчү тараптардын пропагандасына каршы туруу боюнча Евробиримдиктин стратегиялык коммуникациялары" резолюциясынын кесепеттеринин алдын алууга чакырды. Европа биримдигиндеги сөз эркиндигин басмырлоону токтотуу боюнча башкы редактор Маргарита Симоньяндын колу коюлган тийиштүү кат Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар менен Чек арасыз кабарчылар уюмуна да жиберилген. Аталган резолюция Европа биримдигиндеги сөз эркиндигин чектөөгө багытталган. Анын кесепети Sputnik сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын Европада жабылышына алып келет.

Sputnik агенттиги жана радиосунун катында мындай деп жазылат: "Резолюция абройлуу жалпыга маалымдоо каражаттарына сокку болот. Анын ичинде Sputnik агенттиги да бар жана анын Европа биримдигиндеги ишмердигин токтотуусун максат кылат. Андан сырткары аталган резолюция Европа биримдигинин адам укуктары жана ЖМКнын эркиндиги боюнча өзүнүн бекиткен нормаларына каршы келет. Алардын ичинде Жарандардын жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пактынын 19-беренеси, ЕБдин негизги укуктары жөнүндө хартиясынын 11-беренеси жана 2012-жылы 11-декабрда кабыл алынган "ЕБдин тышкы саясатындагы санариптик эркиндик стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндөгү резолюция бар".

Sputnik агенттигинин маалымат кызматы кабыл алынган резолюция боюнча төмөнкүчө комментарий берди. 

"Резолюция жалпыга маалымдоо каражаттары менен адам укугун түздөн түз бузуу болуп эсептелет. Буга байланыштуу биз европалык жана америкалык БУУ, ЮНЕСКО, ЕККУ, Чек арасыз кабарчылар сыяктуу бир катар уюмдарга, бир топ медиатопторго, кесиптик бирликтин кошуундарына бул басмырлоо жана цензурага каршы турууда тилектештик көрсөтүү чакырыгын таштадык. Sputnik толук кандуу мүчөсү болгон эл аралык, дүйнөлүк медиа коомчулукту бизге кошулуп, бул маселе боюнча өз пикирлерин билдирип жана эркиндик менен демократия баалуулуктарды коргоп калууга чакырабыз".

Резолюцияда негизсиз айыптоолор айтылган, аны менен кошо Sputnik сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн "Ислам мамлекети" террордук уюмунун ишине салыштырат. Sputnik ааламдашкан, дүйнөлүк бренд жана жаңылыктардын беделдүү маалымат булагы катары бул айтылгандар суу кечпейт жана негизсиз салыштыруу деп эсептейт. 

Европарламенттин француз депутаты Жан-Люк Шаффхаузер бул салыштырууга өзүнүн пикирин айтып жатып, "резолюциянын автору Россия менен "Ислам мамлекети" террорук уюмунун бир катарга койгону үчүн уялышы керек. Биринчиси укуктук мамлекет болсо, экинчиси террордук уюм. Булардын жалпылаган, бириктерген эч нерсе жок", — деди. 

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

34
Белгилер:
кайрылуу, резолюция, Евробиримдик
Тема боюнча
ЖМК: Евробиримдик 2018-жылга чейин армия түзүшү мүмкүн
Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

66
(жаңыланган 01:10 25.03.2020)
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

Микробиолог, генный инженер, популяризатор науки Евгений Плисов
© Фото / из личного архива Евгения Плисова
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

Заместитель директора главной дирекции информации МИА Россия сегодня Елена Глушакова
© Фото / из личного архива Елены Глушаковой
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

66
Белгилер:
сессия, онлайн, долбоорлор, билим берүү, SputnikPro
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архивдик сүрөт

SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

98
(жаңыланган 14:05 12.02.2020)
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

98
Белгилер:
журналист, спорт, мастер-класс, SputnikPro
Тема боюнча
SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек
SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

197
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

197
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео