БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу 23-ноябрда Европарламент "Үчүнчү тараптардын пропагандасына каршы туруу боюнча Евробиримдиктин стратегиялык коммуникациялары" деп аталган резолюциясын кабыл алгандан кийин Эл аралык жана Европалык журналисттер Федерациясы (IFJ/EFJ) тарабынан колдоо тапты.
Резолюция Евробиримдикте сөз эркиндигин, Sputnik сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектөөгө багытталып, эл аралык тармактык ири уюм тарабынан сынга алынган. Sputnik мындай маанайдагы колдоо көрсөткөн катты Журналисттердин эл аралык федерациясынын президенти Филипп Леру жана Европалык журналисттердин федерациясынын башкы катчысы Рикардо Гутиереден алды.
Резолюция кабыл алынгандан кийин Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги үчүн иш алып барган европалык жана америкалык уюмдарды резолюциянын кесепеттерин алдын алуу чараларын көрүүгө чакырган.Европа биримдигиндеги сөз эркиндигине коюлган чабуулду токтотуу боюнча башкы редактор Маргарита Симоньяндын колу коюлган тийиштүү кат Бириккен Улуттар Уюму, ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык уюмдар менен Чек арасыз кабарчылар уюмуна да жиберилген.
Европалык журналисттердин федерациясынын башкы катчысы Рикардо Гутиере Европарламенттин бул аракеттерин "демонизация жана цензура" деп атап, андан сырткары "кансыз согушка" өмүр берип жатат деп баалады. Ал эми россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарын "Ислмам мамлкети" террордук уюмуна салыштыруу кескин сынга кабылды.
Европанын 43 мамлекетиндеги 320 миң журналисттердин башын бириктирген кесипкөй медиакоомчулуктун атынан Рикардо Гутиере Евробиримдикти "ЖМКлардын плюрализмин жана көз карандысыз журналистиканы жайылтууга көмөк көрсөтүүгө" чакырды.
Журналисттердин эл аралык федерациясынын президенти Филипп Леру резолюция туурасында пикирин айтып жатып, бул жалпыга маалымдоо каражаттарына Европарламенттин койгон айыптоолоруна карата өз позициясын коргоого мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирди.
"Менин баамымда, мындай мүмкүнчүлүктү эч ким берген жок. Европарламент, Эл аралык жана Европалык журналисттердин федерациясы сөз эркиндигин коргойт. Сөз эркиндиги негиз катары алынган башкы принцип — фактылардын кол тийбестиги жана бул фактыларга пикирлердин эркин айтылышы. Айтылгандар бизге жакпаган күндө да, бул принцип баарынан өйдө коюлушу шарт", — деди ал.
Эске сала кетсек, Европарламентте бул резолюция үчүн 691 депутаттын ичинен 304ү добуш берген. Ал эми 208 парламентарий калыс деген позицияда турган.
Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.
Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.
Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.
Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.
БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.
18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.
Спикерлер:
Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.