Европа менен АКШ эли НАТОнун ЕБге тийгизген пайдасын ар кандай баалашты

© AFP / PETRAS MALUKASАКШнын жана НАТОнун желектери. Архив
АКШнын жана НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НАТОнун эффективдүүлүгү тууралуу суроонун актуалдуулугу АКШнын президенти Дональд Трамп альянсты маанилүү деп белгилеп, бирок "эскирген" уюм катары сыпаттоо менен реформа жүргүзүү зарылдыгын айткандан кийин пайда болгон.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Көпчүлүк европалыктар Евробиримдикти (ЕБ) тышкы күчтөрдөн коргоо үчүн АКШ менен НАТОнун ролу чоң деп эсептешсе, америкалыктардын 48 пайызы бул пикирге кошуларын Sputnik.Пикир сурамжылоосу көрсөттү. Изилдөө Ifop компаниясы тарабынан Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн даярдалган.

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТО Борбордук Азиядагы кеңсесин 2017-жылы жабат
ЕБге АКШ менен НАТОнун жардамы керек деп поляктар (65%), италиялыктар (65%) жана немецтер (63%) эсептешет. Ал эми испаниялыктардын 56, британиялыктардын 54 жана франциялыктардын 53 пайызы ушул пикирге кошулат. Муну менен катар Евробиримдик өзүн өзү коргой алат деген пикирлердин басымдуу бөлүгү Франция (30%), Испания (33%) жана АКШга (31%) туура келген.

Сурамжылоого катышкан 50 жашка чейинки жарандар Евробиримдик өзүн өзү коргоо багытында АКШ менен НАТОнун жардамына муктаж эмес деген пикирлерин билдиришкен. Польшаны эске албаганда, бардык башка мамлекеттердин бул курактагы өкүлдөрү билимдүү, жогорку кирешелүү жана социалдык статуска ээ адамдар.

НАТОнун эффективдүүлүгү тууралуу суроонун актуалдуулугу АКШнын президенти Дональд Трамп альянсты маанилүү деп белгилеп, бирок "эскирген" уюм катары сыпаттоо менен реформа жүргүзүү зарылдыгын айткандан кийин пайда болгон.

Сурамжылоо Франциянын IFop компаниясы тарабынан 22-26-октябрь аралыгында жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан өйдө курактагы Франция, Германия, Италия, Испания, Польша, Улуу Британия жана АКШдан жалпы 7043 адам катышкан. Сурамжылоо учурунда жарандардын жаш курагы, жынысы, жашаган жери эске алынган.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Гамбургдагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сурамжылоо: европалыктар мигранттар боюнча абал начарлап кеткенин айтышты
Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0