Крымда эс алган турист. Архивдик сүрөт

Италия менен Германия элинин үчтөн бири Крымды Россияга тиешелүү деп эсептейт

162
(жаңыланган 14:13 16.03.2017)
Сурамжылоо учурунда Крым Россияга тиешелүү деген жарандар менен бул пикирге каршы турган адамдардын саны жалпы жонунан бирдей экени маалым болгон.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Германиялыктар (36%) менен италиялыктардын (34%) үчтөн бир бөлүгү Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептей турганын Sputnik.Пикирлер сурамжылоосу аныктады. Ушундай эле пикирди британиялыктардын 26 пайызы, америкалыктардын 23 пайызы жана сурамжылоого катышкан француздардын 20 пайызы билдирген. 

Крымды Россиянын бир бөлүгү деп эсептейсизби

Сурамжылоо Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн TNS Global компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн.

Жалпы жонунан Крым Россияга таандык дегендер менен буга макул болбогондордун саны бирдей болуп чыкты, болгону Францияда гана Крым Россияга тиешелүү эмес дегендер көбүрөөк экени аныкталды.

Крым Россиянын бир бөлүгү дегендердин көбү немистер, анын ичинен мындай пикирди жаштар айтышууда. Францияда, тескерисинче, бул ойду орто жаштагы адамдар колдойт.

Мында америкалыктардын 51 пайызы, француздардын 48 пайызы, британиялыктардын 44, италиялыктардын 34 жана немистердин 23 пайызы Крымдын кимге таандык экенин аныктай албай кыйналышкан.

Сурамжылоо 2017-жылдын 16-22-февраль аралыгында TNS Global аттуу ири эл аралык компания тарабынан жүргүзүлгөн. Ага Франция, Германия, Улуу Британия жана АКШдан 5138 адам катышкан.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

162
Белгилер:
АКШ, Германия, Франция, Крым, Улуу Британия, сурамжылоо
Тема боюнча
Крым туристтик маалга карата КР жарандарына 500 жумушчу орун бөлүшү мүмкүн
YouTube видохостингинин логотиби. Архив

YouTube каналдын блоктолуп калышынан кантип сактануу керек. Кеңеш

84
(жаңыланган 16:22 19.11.2021)
Эгерде YouTube каналга жарыяланган видеону адамдар аз көрүп жатса эмне кылыш керектигин жана страйкка кабылып калбоо үчүн эмне кылуу керек.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев YouTube видеолорду блоктоп салуудан оолак болуу жолдору менен бөлүштү.

Креативный продюсер Sputnik Кыргызстан Эрнис Алымбаев во время тренинга для журналистов и блогеров в рамках просветительского проекта SputnikPro
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстандын креативдүү продюсери Эрнис Алымбаев

Ал SputnikPro долбоорунун алкагында журналисттер жана блогерлер үчүн окутуунун алкагында сүйлөдү. Алымбаев мындай нерсеге кабылбаш үчүн маанилүү делген башкы эреже автордук укуктарды сактоо экендигин белгиледи.

"Башка бирөөнүн эмгегин өз блогуңарда жарыялоого акыңар жок экендигин эске тутуп алыңыздар. Эң биринчи нерсе, биринчи булакты белгилеп жана каналдын авторуна гипершилтеме берүү керек. Эң жакшысы — автордун өзү менен байланышып, аны кайра жарыялай турганыңызды макулдашып алуу. Биздин командага бир нече жолу чоочун бирөөнүн видеосун жарыялоо же автор менен байланышып, кайра жарыялоого уруксат алуу деген эки нерсенин бирин тандоого туура келген. Бир аз убакыт жоготуп, күтүп калганыбыз менен бирок автордук укукту сактадык. Бул биздин каналды жаап салуудан оолак болгон майнаптуу ыкмалардын бири болуп калды", — деп түшүндүргөн Алымбаев.

Ал, мындан сырткары, эгерде YouTube каналга жарыялаган видеону эл аз көрүп жатса, кандай жолдорду колдонуу керектигин да айтып берген.

"Мисалы, каналыңызга видео чыгарып, аны көргөндөр бир нече миң киши болуп, өсө баштады дейли. Бирок кандайдыр бир нерсе болуп, ал 200дөн 800гө чейин кыскарып кетти. Мындай учурда эмне кылыш керек. Аны сүрөттөп жазылгандары, текти, видеого коюлган тема менен заставканы өзгөртүү керек", — деп түшүндүргөн Алымбаев.

Ал YouTube менен иштөө ыкмасын өзгөртүү керектигин белгилеген. Эгерде жогорудагылардын бардыгын жасап, бирок такыр эле эч нерсе өзгөрбөсө, анда видеону каналга кайрадан салуу керектигин айткан.

84
Белгилер:
Кыргызстан, YouTube, SputnikPro, долбоор
Логотип международного агентства Sputnik Кыргызстан. Архивное фото

Sputnik Кыргызстан радиосу ракка кабылган балдарга акча чогултууга жардам берет

141
(жаңыланган 14:22 18.11.2021)
Каражат чогултуу боюнча акция 30-ноябрь күнү өтүп, акча шаардагы кофеканаларда топтолмокчу. Радио эфирине эстрада жылдыздары катышып, бейтаптардын жана дарыгерлердин окуялары баяндалат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышат.

Каражат чогултуу боюнча акция 30-ноябрь күнү өтүп, акча шаардагы кофеканаларда топтолмокчу. Радио эфирине эстрада жылдыздары катышып, бейтаптардын жана дарыгерлердин окуялары баяндалат.

"Жардам берүү оңой" коомдук фондунун өкүлдөрү миңге жакын "үмүт периштелерин" чогултушат. Бул адамдар Бишкек жана Оштогу онкологиялык борборлорго ай сайын колдон келген жардамын берип турууга макулдугун бериши керек.

Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалмакчы. Андан тышкары, ракка кабылган балдар менен алардын ата-энелерине арналган китеп чыгарылып, адистер чет жактан тажрыйба алып келүүгө мүмкүнчүлүк алмакчы.

Кыргызстандагы онкология көйгөйү

Президент Садыр Жапаров Алтын Балалык реабилитациялык борборун реконструкциялоосу менен таанышты
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Учурда республика боюнча онкологиялык ооруларга кабылган 27 миңдей киши бар. 2019-жылкы маалыматка караганда, алардын 18 миңи аялдар болсо, 2,5 миңи балдар. Жыл сайын залалдуу шишикке 5 миңдей киши кабылса, 3 миңдей бейтап каза болот. Мамлекеттин каражаты булардын бардыгына толук кандуу жардам берүү үчүн дары-дармек сатып алууга жетпейт.

"Жардам берүү оңой" коомдук фонду 2014-жылы онкологиялык илдеттерге кабылган балдарга дары-дармек жана дартты аныктоо жагынан колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Мындан тышкары, уюм оорудан кийин калыбына келтирүү жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатууга жардам берүү менен алектенет.

Sputnik (sputniknews.com) — мультимедиалык маалымат хабы. Анын өкүлчүлүгү ондон ашык мамлекетте бар. Sputnik мультимедиалык хабы өзүнө сайттарды, радиоуктурууларды, мобилдик тиркемени камтыйт. Андан сырткары, социалдык тармактарда баракчалары бар. Sputnik агенттиги дүйнөдө болуп жаткан окуяларды дүйнөнүн жыйырмадан ашык тилинде маалымдайт.

 

141
Белгилер:
Sputnik Кыргызстан, өнөктөштөр, акция, жардам
Тема боюнча
ММКФ онкологиялык илдети өтүшүп кеткендерге морфин акысыз экенин эске салды
Бишкекте балдар онкологиясы бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Сүрөт

БШКнын партия өкүлдөрү менен жолугушуусу. Түз эфир

0
Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтын БШК сайтында туура эмес көрсөтүлүп калышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында саясий партиялар менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Иш-чарага "Жарандык көзөмөл" коомдук фонду менен ЖМКнын өкүлдөрү катышууда.

БШКнын имаратынын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес болгон партиялардын 100гө чукул тарапташы чогулду.

0
Белгилер:
БШК, сайт, саясый партия, жолугушуу
Тема боюнча
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси