Германия менен италиялыктар РФ Польша менен Балтикага коркунуч жаратарына ишенбейт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын желеги. Архив
Россия Федерациясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр НАТО "Россия кол салышы ыктымал" деген жүйөгө жамынып Литва, Латвия, Эстония жана Польша мамлекеттерине төрт батальонун жайгаштырган.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия Польша менен Балтика өлкөлөрүн басып алышы мүмкүн деген НАТОнун билдирүүсүнө италиялыктар, немистер жана француздар ишенбейт. Ал эми британиялыктар менен америкалыктар, тескерисинче, аталган билдирүү туура деп эсептей турганын Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн Ifop компаниясы тарабынан Брюсселдеги саммит учурунда жүргүзүлгөн Sputnik.Пикирлер сурамжылоосу көрсөттү.

Россиянын Польша менен Балтика өлкөлөрүнө кол салуу ниети барбы?
Россиянын Польша менен Балтика өлкөлөрүнө кол салуу ниети барбы? - Sputnik Кыргызстан
Россиянын Польша менен Балтика өлкөлөрүнө кол салуу ниети барбы?

Сурамжылоого катышкан Италия (69%) менен Германия (60%) элинин басымдуу бөлүгү жана француздардын дээрлик теңи (47%) Россиянын Польша менен Балтика ммалекеттерин басып алуу ниети бар экенине ишенбейт. Мындай пикирди көбүнесе улуу муундун жогорку билимдүү өкүлдөрү айтышууда.

Ал эми Улуу Британия менен АКШда билимдүү адамдар Россия Чыгыш Европага кол салышы толук мүмкүн деп эсептейт. Буга британиялыктардын 43, америкалыктардын 55 пайызы макул. Мында элдин басымдуу бөлүгү демократтар экенин көрүүгө болот.

Отдых в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Италия менен Германия элинин үчтөн бири Крымды Россияга тиешелүү деп эсептейт
Сурамжылоо Франциянын IFop компаниясы тарабынан 21-25-апрель күндөрү Франция, Германия, Италия жана Улуу Британияда жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку 4005 адам катышкан. Мында калк жынысы, жаш курагы жана жашаган аймагы боюнча тең салмактуулукта каралды.

2016-жылдын июнь айында НАТО "Россия кол салышы ыктымал" деген жүйөгө жамынып Литва, Латвия, Эстония жана Польша мамлекеттерине төрт батальонун жайгаштырган. Өз кезегинде Москва аяльнска кирген өлкөнүн бирине да кол салбай турганын бир нече ирет айтып келет. Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтымында, НАТО Москванын позициясын мыкты билгени менен шылтоо кылып Россия менен чектешкен аймакка көбүрөөк аскерин жайгаштырууга болгон аракетин жумшоодо.

Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат

Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik.Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0