Европалыктар коргонууга каражат коротууну каалайбы?

© Sputnik / Медиабанкка өтүүНАТО аскердик машыгуулары. Архив
НАТО аскердик машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германия, Италия, Улуу Британия жана Франциянын жашоочулары Дональд Трамп талап кылгандай коргонууга каражатты көбөйтүү керекпи деген суроонун айланасында ой толгошту.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Европалыктардын басымдуу бөлүгү мамлекеттер коргонуунун бюджетин жана НАТОну каржылоону көбөйтүүгө каршы. Мындай тыянакты Брюсселде өтүүчү саммит алдында Ifop компаниясы тарабынан Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоо чыгарды.

Сиздин өлкө коргонууга каражатты көбөйтүшү керекпи? - Sputnik Кыргызстан

Италиялыктар менен немистердин дээрлик жарымы (53 жана 47 пайыз), француздардын үчтөн бири (35 пайыз) жана британиялыктардын төрттөн бир бөлүгү (25 пайыз) алардын мамлекети Дональд Трамп талап кылгандай, коргонууга сарпталчу акчаны ИДПдан 2 пайызга чейин көтөрүүгө макул эместигин айтышты.

Франция менен Улуу Британияда жаштарга караганда улуу муун акчанын көлөмүн көбөйтүү керек деген пикирде, ал эми Германия менен Италиядагылар, тескерсинче, жашы өткөндөр каражатты ушу көлөмүндө калтыруу зарылдыгын айтышты.

Германия менен Италияда сурамжылоого катышкандардын жогорку билимдүүлөрү билими жокторго караганда коргонууга бөлүнчү акчанын көлөмүн жогорулатууга каршы. Ал эми Францияда тескери көрүнүш катталган.

АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Трамптын саясаты дүйнө коопсуздугуна кандай таасир этет. Европалыктардын пикири
Сурамжылоо Sputnik News үчүн Франциянын IFop компаниясы тарабынан 2017-жылдын 21-25-апрель күндөрү Германия, Франция, Италия, Улуу Британияда жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан улуу 3 203 респондент катышып, адамдардын жаш курагы, жынысы, жашаган аймагы боюнча тең салмакта каралган.

Буга чейин Трамп Түндүк Атлантика альянсына мүчө мамлекеттердин башчылары коргонууга кеткен каражатты көбөйтүү керек экенин жар салган. Былтыркы жылдын эсеби менен Германия бул жаатта ИДПнын 1,19 пайызын, Франция 1,78 пайыз, Улуу Британия 2,21 пайыз, Италия 1,1 пайыз каражат жумшаган.

Sputnik. Пикир долбоору тууралуу маалымат

Коомдук пикирди иликтөөгө алган эл аралык долбоор 2015-жылдын январь айында ишке кирген. Долбоордун өнөктөштөрү болуп Populus, Ifop жана forsa ири изилдөөчү компаниялар эсептелет. Sputnik. Пикир долбоорунун алкагында Европа өлкөлөрү менен АКШда социалдык маанилүү маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп келет.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0