БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Британиядагы референдумдун бир жылдыгына карата Sputnik. Пикир жүргүзгөн сурамжылоодон улам, европалыктардын көбү ЕБден жакынкы арада бир же бир нече өлкө чыгат деген ойдо экени маалым болду.
Франциялыктардын жарымына жакыны (49 пайыз), немистердин жана италиялыктардын жарымынан көбү (52 жана 57 пайыз) жана британиялыктардын үчтөн бир бөлүгү (64 пайыз) жогорудагыдай пикирде.
Францияда Улуттук фронттун тарапташтарынын — 79, солчулдардын — 34, оңчулдардын — 31 жана Демократиялык кыймылдын тарапташтарынын — 24 пайызы ЕБден жакында бир нече өлкө чыгып кетет деген пикирде.
Ал эми Чыгыш Германияда (47 пайыз) Батышы менен Берлинде караганда (37 жана 32 пайыз) ЕБдин катары суюларына көбүрөөк ишенишет.
Буга Англиянын чыгышында жашагандардын — 68, Лондондун — 45, өлкөнүн борбор жагынан —47, Уэльс, Шотландиянын — 56, Түндүк Ирландиянын жана Түштүк Англиянын — 58 пайызы колдойт.
Сурамжылоону Ifop компаниясы 2017-жылдын 21-25-апрель күндөрү Франция, Германия, Италия жана Улуу Британия өлкөлөрүндө өткөргөн. Ага курагы 18 жаштан жогорку 3 203 респондент катышып, курагы, жынысы жана жашаган аймагы боюнча тең салмактуулук сакталган.
Былтыр июндун соңунда өлкөдө референдум өтүп, жашоочулардын көбү мамлекеттин Евробиримдиктен чыгуусуна добуш берген.
Sputnik.Пикир долбоору тууралуу маалымат
Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.