Sputnik Кыргызстан Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында мыкты ЖМК аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке
Вручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги калыстардын сынына сайтка чыккан туризм боюнча лонгриддерин, атайын долбоорлорун, инфографика, сүрөт түрмөктөрүн сунуштаган

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу улуттук Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында "Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ЖМК" номинациясы боюнча экинчи орунду ээледи.

Конкурска туристтик компаниялар, операторлор, мейманкана жаатында иш алып баргандар, санаторий-курорттук мекемелер, туризм тармагындагы инновациялык долбоорлордун жетекчилери, Кыргызстандагы чет элдик мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары, гиддер, фотографтар катышты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековВручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке
Вручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Вручение национальной премии Kyrgyz Tourism Awards в Бишкеке

Sputnik Кыргызстан агенттиги калыстардын сынына сайтка чыккан туризмге багытталган лонгриддерин, атайын долбоорлорун, инфографика, сүрөт түрмөктөрүн сунуштаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосу мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланды - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды
"Туризмди чагылдырган мыкты ата мекендик ЖМК" номинациясы боюнча КТРК биринчи орун алган. Андан сырткары, НТС, Kaktus.media жана башкалар да сыйлыкка татыган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина редакция үчүн туризм тармагы башкы темалардын бири экенин белгиледи.

"Өлкөнү жакшы жагынан көрсөтүү керектигин биз жакшы түшүнөбүз. Интернет-портал катары биздин мүмкүнчүлүгүбүз көп, андан сырткары, чет элдик туристтерди тартууда салымыбыз бар. Биздин "Кыргызстанга саякат" аттуу жол көрсөткүчүбүздөн өлкөнүн эң кооз жерлери тууралуу маалыматтарды, сүрөт, видеолорду таба аласыз. Ал англисчеге которулуп sputniknews.com сайтына Trip to Kyrgyzstan деп жарыяланды. Уюштуруучулардын сыйлыгына жана берген жогорку баасы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз", — деди ал.

Sputnik Кыргызстан 2014-жылдын декабрь айынан тарта иштей баштаган. Өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды кыргыз, орус тилдеринде 24 саат бою берип турат. Ошондой эле агенттиктин радиосу жана акыркы заманбап техника менен жабдылган мультимедиалык борбору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0