Sputnik кабарчысы Исмаил Мамытов "жашыл экономиканы" чагылдырууда мыкты аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов
Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурска жалпысынан 100дөн ашык эмгек келип түшкөн

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Исмаил Мамытов ЖМКлар арасында "Жашыл экономика" форумунун алкагында өткөн конкурста "Мыкты радиоматериал" номинациясы боюнча биринчи орунду алды. Ага жалпысынан 100дөн ашык журналист менен блогерлер катышкан. 

© Фото / Таалайбек ОроскуловSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Исмаил Мамытов
Форум Зеленая экономикасреди СМИ - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кабарчысы Исмаил Мамытов

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун кызматкерлери жыл сайын өтүүчү Мол булак. Күз деми — 2017 жарым марафонуна катышты - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстандын командасы "Күз деми — 2017" жарым марафонуна катышты
Конкурстун негизги максаты "жашыл экономика" маселесин өнүктүрүү жана калкка, ишкерлерге жеткирүү болуп саналат. Ошондой эле бул тармакты чагылдырган журналисттерди шыктандыруу.

Конкурс төрт номинация боюнча өткөрүлгөн. Алар: "Мыкты макала", "Мыкты теле-радио материал", "Мыкты басылма" жана "Жашыл блогер".

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улуттук версиясынын редактору жана алып баруучусу Исмаил Мамытов конкурска "Биогаз жабдуусун орнотуу" боюнча материалын жиберген.

"Бул жалпы Sputnik Кыргызстан агенттигинин жеңиши. Материалды жасоого көмөктөштөн кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Дагы бир ирет мыкты адис экенибизди далилдей алдык. 100гө чукул эмгектин арасынын жеңип чыкканыбызга кубанып турабыз. Буюрса мындай сынактарга дагы да катыша беребиз", — деди Мамытов.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 2014-жылдын декабрынан тарта иштей баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0