Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике

Sputnik Кыргызстанда гендердик теңдик боюнча сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

134
(жаңыланган 14:42 04.12.2017)
Конкурска жергиликтүү телеканалдар, радиолор жана гезит-журналдар катышкан.

БИШКЕК, 4 –дек. — Sputnik маалымат кызматы. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда "Кыргызстандагы гендердик теңчиликти жайылтуу" деп аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер менен сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды. Аны БУУнун азык-түлүк программасы КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен өткөрүүдө.

Журналисттер арасындагы сынак гендердик теңчилик, ошону менен катар эле элеттеги аялдардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүгү боюнча маселеге ЖМКларды, коомчулукту тартуу максатын көздөгөн. Ага жергиликтүү телеканалдарда, радиолордо жана интернет-басылмаларда иштеген журналисттер катышкан.

БУУнун Азык-түлүк программасынын, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түшкөн 20 материалдын ичинен мыкты делген 10 эмгекти тандап алды.

Сынак комиссиясынын мүчөлөрү мыкты деген материалдарды тактыгы, шексиздиги, маанилүүлүгү, жасалган анализдин тереңдиги жана өзгөчө ыкмада жазылгандыгы менен баалады.

  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда "Кыргызстандагы гендердик теңчиликти жайылтуу" деп аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер менен сертификаттар салтанатуу түрдө тапшырылды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    Аны БУУнун азык-түлүк программасы КРдин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен өткөрүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    Журналисттер арасындагы сынак гендердик теңчилик, ошону менен катар эле элеттеги аялдардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүгү боюнча маселеге ЖМКларды, коомчулукту тартуу максатын көздөгөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    Ага жергиликтүү телеканалдарда, радиолордо жана интернет-басылмаларда иштеген журналисттер катышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    БУУнун Азык-түлүк программасынын, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түшкөн 20 материалдын ичинен мыкты делген 10 эмгекти тандап алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    Сынак комиссиясынын мүчөлөрү мыкты деген материалдарды тактыгы, шексиздиги, маанилүүлүгү, жасалган анализдин тереңдиги жана өзгөчө ыкмада жазылгандыгы менен баалады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Церемония награждение победителей конкурса Продвижение гендерного равенства в Кыргызской Республике
    БУУнун Азык-түлүк программасынын өлкөлөр боюнча Кыргызстандагы өкүлү Кейко Изуши мындай конкурстардын болуп турушу маанилүү экендигине токтолду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунда "Кыргызстандагы гендердик теңчиликти жайылтуу" деп аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер менен сертификаттар салтанатуу түрдө тапшырылды.

"Кыргызстандагы гендердик теңдикти электрондук ЖМКлар (жаңылык агенттиги, блогдор) арасында мыкты чагылдырганы" үчүн

1-орунду: Нуржан Токтоназарова /Azattyk;

2-орунду: Ныяз Ташматов/"ОшПирим";

3-орунду: Элвира Байсаева/Cabar_IWPR;

Кызыктыруучу сыйлык: Алина Жетигенова/Sheisnomad ээледи.

"Кыргызстандагы гендердик теңдикти басылмаларда мыкты чагылдырганы" үчүн

1-орунга Светлана Бегунова/"Новые лица";

2-орунга Лейла Саралаева/"Новые лица";

3-орунга Алмаз Исманов/ "Новые лица" татыды.

"Кыргызстандагы гендердик теңдикти радио жана ТВда мыкты чагылдырганы" үчүн

1-орун Салабат Эркетаева/Элтр;

2-орун Эрмек Актанов/Биринчи радио;

3-орун: Элиза Акжолтоева/Марал FM журналистине берилди.

БУУнун Азык-түлүк программасынын өлкөлөр боюнча Кыргызстандагы өкүлү Кейко Изуши мындай конкурстардын болуп турушу маанилүү экендигине токтолду.

"ЖМК гендердик теңдикти же өрчүтөт, же социалдык өзгөрүүгө алып келип, ал эркектер менен аялдардын, кыздар менен балдардын ортосундагы теңдик мамилелерди көрсөтөт. Биздин уюм аялдар, эркектер, кыздар, балдар өзүнүн келечегин камсыздоого бирдей мүмкүнчүлүк алып, ресурстарга бирдей жетсе гана ачарчылык нөлгө барабар болот", — деди Изуши.

Ал эми Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина агенттик мындай багыттагы долбоорлорду колдоого дайым даяр экендигин билдирди.

"Sputnik Кыргызстан өнүгүүгө жетелеген долбоорлорду, демилгелерди колдоого ынтызар. Кесипкөй журналистиканын артышын жана анын берилишине өзгөчө кызыкдар болгондуктан мындай сынак үчүн БУУнун Азык-түлүк программасына ыраазычылык билдиребиз", — деди Череменина.

Кыргызстандын медиа айдыңында Sputnik Кыргызстан ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде иш алып барып барат, агенттиктен сырткары радио жана жогорку технология менен камсыздалган мультимедиалык маалымат борбору бар.

Sputnik Кыргызстандын жаңылыктар порталы өлкөдөгү алдыңкы орунда турган интернет-ЖМКлардын ана башында турат.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

134
Белгилер:
журналист, сынак, Елена Череменина
Тема боюнча
Sputnik агенттигинин кеңсесине балдар үйүнүн тарбиялануучулары баш бакты
Sputnik Кыргызстандын командасы "Күз деми — 2017" жарым марафонуна катышты
Sputnik Кыргызстан Kyrgyz Tourism Awards сыйлыгында мыкты ЖМК аталды
Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

67
(жаңыланган 01:10 25.03.2020)
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

Микробиолог, генный инженер, популяризатор науки Евгений Плисов
© Фото / из личного архива Евгения Плисова
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

Заместитель директора главной дирекции информации МИА Россия сегодня Елена Глушакова
© Фото / из личного архива Елены Глушаковой
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

67
Белгилер:
сессия, онлайн, долбоорлор, билим берүү, SputnikPro
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архивдик сүрөт

SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

102
(жаңыланган 14:05 12.02.2020)
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

102
Белгилер:
журналист, спорт, мастер-класс, SputnikPro
Тема боюнча
SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек
SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

0
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

0
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү