Төлөгөн Касымбековдун Сынган кылыч тарыхый романы

Сокулуктагы мугалимдер "Сынган кылыч" романынын аудио версиясы менен таанышты

70
Sputnik агенттиги шаардагы мектептер менен гимназиялардын кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдерине "Сынган кылыч" романынын аудио версиясы тууралуу айтып берди

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча инновациялык долбоорун Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы мектеп жана гимназиялардын кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдерине презентациялады.

Иш-чарага райондогу 40 билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Аларга онлайн-режим аркылуу www.sputnik.kg сайтынан аудио китепти кантип туура колдонуу боюнча маалымат берилди.

Долбоордо романдын 27 сааттык аудио китеби, чыгарманын толук жана кыскартылган тексти, ошол доордогу маанилүү делген окуялардын интерактивдүү картасы, 180ге жакын каармандын таржымалы жана илимий макалалар камтылган.

Чыгарманы үн менен коштоого, тагыраагы, аудио китепти өлкөдөгү кино жана театр жаатындагы белгилүү актерлор окуган.

Белгилей кетсек, өлкөдө аталган долбоордун аналогу жок. Буга чейин илимий коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан жогорку баа берилип, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан колдоо тапкан. Ошондой эле өкмөт долбоордун авторлоруна ыраазычылык билдирген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 2014-жылдын декабрынан тарта ишин баштаган. Өз окурмандары, угармандары жана көрөрмандарына 24 саат бою кыргыз, орус тилдеринде маалыматтарды жеткирип турат.

Sputnik Кыргызстан ондогон мамлекетте мультимедиалык маалымат хабына ээ эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүмү болуп саналат.

Sputnik 30дан ашык тилде маалымат таратат.

70
Белгилер:
долбоорлор, роман, "Сынган кылыч" тарыхый романы
Тема боюнча
"Сынган кылыч" диски "Азиздер жана дүлөйлөр" коомуна тапшырылды