Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина Жүз элечек деп аталган социалдык-маданий флешмобго катышты

Sputnik агенттигинин жетекчисине элечек орошту. Сүрөт

(жаңыланган 12:28 28.07.2018)
Бишкектин борборунда "Жүз элечек" деп аталган социалдык-маданий флешмоб өттү.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Жүз элечек" деп аталган социалдык-маданий флешмобго катышты. Бул иш-чара эл аралык XIII "Оймо" фестивалынын алкагында өтүп жатат.

  • Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина Жүз элечек деп аталган социалдык-маданий флешмобго катышты
    Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Жүз элечек" деп аталган социалдык-маданий флешмобго катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Бул иш-чара эл аралык XIII Оймо фестивалынын алкагында өтүп жатат
    Бул иш-чара эл аралык XIII "Оймо" фестивалынын алкагында өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Флешмобго Кыргызстандын ар кыл тармагында иштеген аялдар катышты
    Флешмобго Кыргызстандын ар кыл тармагында иштеген аялдар катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Алар маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова, бизнесте жүргөн аялдар, дарыгерлер жана башка кесиптин ээлери болду.
    Алар маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова, бизнесте жүргөн аялдар, дарыгерлер жана башка кесиптин ээлери болду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосунун жетекчиси Елена Череменина "Жүз элечек" деп аталган социалдык-маданий флешмобго катышты

Флешмобго Кыргызстандын ар кыл тармагында иштеген аялдар катышты. Алар маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары Айнура Темирбекова, бизнесте жүргөн аялдар, дарыгерлер жана башка кесиптин ээлери болду.

Элечекти жакшы билген аялдар ороп беришти.

"Sputnik Кыргызстан үч жыл катары менен кол өнөрчүлөрдүн Кыргызстанда 2006-жылдан тарта өтүп келе жаткан фестивалына маалыматтык өнөктөш болуп келе жатат. Ал алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн келген 150 уздун башын бириктирип турат. Биз элдик дипломатияны бекемдеген, маданияттын диалогу болгон бул майрамга салымыбызды кошуп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Мен "Жүз элечек" долбооруна кубануу менен катыштым. Бала кезден келе жаткан — өзүмдү кыргыз аялдарынын өкүлү катары сезип, кыялымды орундатууга бул долбоор көмөкчү болду. Мен Кыргызстанда төрөлүп, өскөндүктөн улутуна карабастан ар бир жаран өлкөнүн маданияты менен салттарын билүүгө милдеттүү деп эсептейм", — деди Череменина.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Кыргызстанда Sputnik мультимедиалык маалымат борбору (Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 46) — түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн булуң-бурчу менен видеокөпүрө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууга ээ заманбап медиа аянтчасы. Меймандар менен журналисттер үчүн ыңгайлуу маалымат жыйын, маалыматтарды кабыл алуу жана берүү үчүн инфраструктура, анын ичинде Wi-Fi бар.

* LiveInternet 2018-жылдын март айына чыгарган бүтүмдөрүнө ылайык.

Белгилер:
Оймо фестивалы, Елена Череменина, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргыздын улуттук кийими (15)
Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив

Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек

(жаңыланган 01:10 25.03.2020)
Алгачкы семинарлар коронавирусту чагылдырууда ЖМКлар кандай тоскоолдуктарга учурап жатканы, бул теманы кантип туура чагылдыруу, соцтармактар жана мессенджерлер менен иштөө жолдоруна арналат.

БИШКЕК, 24-мар. —  Sputnik. SputnikPro эл аралык билим берүү долбоору 26-январь күнү саат 16:00дө (Бишкек убактысы) "Коронавирус темасын кантип мыкты чагылдыруу керек" аттуу темада өзүнүн биринчи онлайн сессиясын баштайт.

Спикерлер – микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучу Евгений Плисов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова.

Микробиолог, генный инженер, популяризатор науки Евгений Плисов
© Фото / из личного архива Евгения Плисова
Микробиолог, гендик инженер, илим жайылтуучусу Евгений Плисов
Евгений Плисов МГУнун биология факультетин аяктаган жана илимий популярдуу лектор болуп эсептелет. Ал Маяк радиосундагы "Микромир" программасы, "Умная Москва" долбоорун алып барат.

Заместитель директора главной дирекции информации МИА Россия сегодня Елена Глушакова
© Фото / из личного архива Елены Глушаковой
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин Башкы дирекциясынын жетекчисинин орун басары Елена Глушакова

Елена Глушакова "Россия сегодня" маалымат агенттигинде 1999-жылдан бери эмгектенет. Аскерий-дипломатиялык редакцияда стажировкадан өткөн, РФ ТИМинин ишмердүүлүгүн чагылдырган, РИА Новости агенттигинин Кремлдеги пулдун корреспонденти болгон. Кийин саясий редакцияны жетектеп, 2014-жылдын аягынан тарта РИА Новости агенттигинин орус тилдүү лентасын көзөмөлдөй баштаган.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн n.naizabekova@sputniknews.com электрондук дарегине билдирүү жөнөтүп же +996 557 991 999 номери аркылуу катталыңыз. Орундар чектелүү.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Белгилер:
сессия, онлайн, долбоорлор, билим берүү, SputnikPro
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архивдик сүрөт

SputnikPro спорт журналисттерин, комментаторлор менен блогерлерди чакырат

(жаңыланган 14:05 12.02.2020)
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс.

БИШКЕК, 12-февраль, Sputnik агенттигинин маалымат кызматы. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу Россиянын мыкты спикерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү улантууда. Адистер SputnikPro билим берүү программасынын алкагында тажрыйбалары менен бөлүшөт.

18-февраль күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда спорт жаатын чагылдырган журналисттер, комментаторлор жана блогерлер үчүн "Аз чыгым менен окуяны мыкты чагылдыруу", "Спорт өтө эле олуттуу деп ким айтты?", "Трейлер – бул кино жөнүндө гана эмес. Материалды аудиторияга сатууга кандайча жардам берет" аттуу темалар боюнча мастер-класс уюштурулат.

Спикерлер:

  • Александр Калмыков – Р-Спорт редакциясынын жетекчиси;
  • Василий Конов — "Россия Сегодня" эл аралык агенттигинин аткаруучу директору, журналист, теле алып баруучу жана спорттук комментатор.

Иш-чарага катышуу үчүн 14-февраль саат 17.00гө чейин 0312 986933, 986938 номерлери аркылуу каттоодон өтүү керек. Мастер-класс бекер өткөрүлөт.

SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш-тажрыйбасы менен пресс-катчы, журналист жана ЖОЖдун студенттерине бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларынан башталып, Белоруссия, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.

Sputnik Кыргызстан өз ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Агенттиктин активинде кыргыз жана орус тилдериндеги маалымат порталы, радиоресурс жана жогорку технологиялык мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү интернет ЖМКлардын ичинен алдыңкы катарды ээлейт.

Белгилер:
журналист, спорт, мастер-класс, SputnikPro
Тема боюнча
SputnikPro: президент менен премьердин ишин кантип чагылдыруу керек
SputnikPro: интервьюга чакыруу процесси канчалык маанилүү
Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив

Афганистандан америкалык аскерлердин чыгарылышын талибдер тескөөдө

(жаңыланган 23:11 18.04.2021)
“Талибан”* террордук уюму Кошмо Штаттарга Афганистандан аскердик күчтөрдү чыгарып кетүүгө катуу талап коюп, Вашингтонду көп полярдуу дүйнөнүн реалдуулугуна кайтарууда.

АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.

АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.

Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.

Аткарылышы кыйын

Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".

Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.

Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.

Макулдашуу тынчтыкты камсыздай албады

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.

Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.

Өлкөдө талибдердин бийлигинин тушунда (2001-жылга дейре) аялдар билим ала алышкан эмес, үй-бүлөдө ала жипти аттагандар калаанын аянттарында дарга асылган, уурулардын колдору кесилип, ал эми телевидениеге театр жана музыка менен катар тыюу салынган.

Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.

"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.

* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм

Белгилер:
Талибан, Афганистан, АКШ
Тема боюнча
20 жылда 193 млрд. доллар чыгым болгон. АКШ Афганистанда эмнеге жетишти?
Россия АКШнын абийирин төкпөй согуштан сактап калууга даяр. Себеби