Sputnik агенттиги Кыргызстанда эл аралык билим берүү программасын ишке ашырат

© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архив
Sputnik Кыргызстан радиостудиясындагы микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында ишин баштап, Белоруссиянын, Грузиянын, Азербайжандын жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу билим берүүгө арналган жаңы SputnikPro долбоорун сунуштайт. Аталган агенттиктин ондогон мамлекетте мультимедиалык хабдары бар жана 30дан ашык тилде маалыматтарды таратат. Андан сырткары, санариптик жана аналогдук радиосу иштейт.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун улук корреспонденти Нургүл Максутова Кыргыз-түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин студенттери менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттиги студенттер менен тажрыйба бөлүштү
Бул долбоор Кыргызстанда маалымат кызматтарынын өкүлдөрү менен PR адистери үчүн мастер-класстарды өтүү менен ишин баштайт. Анда кризистик абалда иштөөнүн технологиясы жана мультимедиалык маалымат айдыңында ЖМК менен иштөө тартиби тууралуу маалымат берилет.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузиянын, Азербайжандын жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Sputnik эл аралык маалымат агенттиги дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат.

Үч жыл ичинде Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп алдыңкы орундарга чыкты.

Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт. Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт. Ал эми Sputnik радиосу 18 тилде эфирге чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0